Көпчүлүк футбол сүйүүчүлөргө бул оюндун тарыхындагы эң ири эсеп айырмачылык кызык болсо керек.
Тарыхтагы эң көп гол менен аяктаган беттеш 2002-жылы 31-октябрда Мадагаскарда өткөн. Анда футбол боюнча өлкө чемпиону болгон "AS Adema " клубу өз үйүндө "Stade Olympique l'Emyrne" клубун кабыл алган.
"Stade Olympique l'Emyrne" клубу тарыхты жаратууга өздөрү жардам беришкен. Тагыраагы, калыстын адилетсиз чечимине нааразы болгон оюнчулар өздөрүнүн дарбазасына гол киргизип башташкан. Алар беттештин аягына чейин өздөрүнүн дарбазасына 149 гол киргизишкен.