Дүйнөдөгү эң кымбат эртең мененки тамак "Шамбор" компаниясы тарабынан Лондондо уюштурулган. Анын наркы 37 миң долларды түзүп, америкалык драматург Трумэн Капотенин "Тиффанидеги эртең мененки тамак" ("Завтрак у Тиффани") романынын негизинде тартылган спектаклдин бет ачарына туура келген. Анда театр сүйүүчүлөрү франциялык "Шамбор" компаниясынын 37 миң долларлык столунан сый көрүшкөн.
Эртең мененки тамак столуна алтын жана бриллиант менен кооздолгон крауссан, Бар-Ле-Дюк кызыл карагат кыямы, "Копи Лювак" кафеси, ошондой эле Шамбор коктейли жана шампаны коюлган. Булардын баарынын идиштери алтын жана чыныгы бриллиант жана бермет менен капталган.