Телеграмм каналдардын бирине ак калпакчан улгайган адамды эргулдун сабаган видеосу тарады. Бул видео SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө да келди.
Видеодо аксакал менен ал адам бир отургучта отурганын, күтүүсүз жерден жашы улуу адамды жанындагысы чаап жибергени көрүнөт. Андан кийин аксакал ордунан туруп кетип бара жатканда жаак талаштыра тепкен. Бул көрүнүш көчөдө да уланып, жерге жаткыра тээп, аёосуз сабаганы видеого тартылган.
Азырынча окуя кайда болгону белгисиз.