"Тамактанууда гана чечүүгө болот". Сеулда бет кап кийүү режими милдеттендирилди

Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында коронавирус инфекциясынын айынан бет кап кийүү режими күчүнө кирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Жазылган маалыматка ылайык, Сеулда бүгүндөн, тактап айтканда 24-августтан баштап коомдук жайларда жарандардын бет кап кийүүсү милдеттендирилди. Анда жарандар тамактанууда жана суусундук ичүүдө гана бет капты чечүүгө болот.

Акыркы 10 күн аралыгында аталган шаарда илдет аныкталган жарандардын саны кыйла өскөн. Сеул шаарынын мэри шаардын жашоочуларына көчөдө, коомдук жайларда бет кап кийип жүрүүнү милдеттендирди.

Акыркы маалыматтар боюнча, аталган өлкөдө коронавирус илдети менен жабыркагандардын саны 17 миң 655ке жеткен. 14 миң 219 бейтап оорудан сакайса, 309 адам кайтыш болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан