Биз социалдык тармакта

"Эч кандай аракет көрүшкөн эмес". Милиция 81 жаштагы аксакалдын сабалганын көргөн жарандарды издейт

Ош облусунун милиция кызматкерлери Кара-Суу районунун Савай айылында 81 жаштагы карыянын сабалганын көргөн жарандарды издеп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милиция окуяга күбө болгон жарандарга карыяны уруп жаткан адамга каршылык көрсөтүшкөн эмес деген негизде издөө салган.

Маалыматка ылайык, учурда милиция кызматкерлери Матиз автоунаасынын айдоочусун издеп жатышат. Анткени ал биринчилерден болуп улгайган кишини сабап жаткан жигитти көргөн, бирок эч кандай чара көргөн эмес. Ошондой эле издөөгө алынган жарандар дагы улгайган кишинин сабалганын көрүп, өтүп кетишкен.

"Жарандардын аракетсиздиги үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган, прокуратура кызматкерлери аларды тапкандан кийин чара көрөт", - деп билдиришти облустук милициядан.

Калпакчан аксакалды аёосуз сабаган эргул
24.08.20. Күн ичиндеги соңку кабарлар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
serche
2020-08-24 15:53:10
Туура
+9
aijanik5
2020-08-24 15:53:59
Туура!
+9
Shef87
2020-08-24 15:56:05
Эң туура кайдигердиктин туу чокусу да бул
+9
katerina.li
2020-08-24 16:07:01
Бир киши чыгып , кайра кирип кеттиго . Ошол кишинида штраф толотуш керек
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан