Поэтерапия: "Эски сөздөр... Эски сүйүү, баары эски, а мен болсо жаңылыкка умтулдум!"

Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын коногу – акын, журналист жана котормочу Назгүл Осмонова. Ал 1972-жылы Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында төрөлгөн. Ишеналы Арабаев атындагы педуниверситеттин филология факультетинин кыргыз тилин улуттук эмес мектептерде окутуу бөлүмүн бүтүргөн. Чыгармачылыктын чыйырына 1990-жылдардан баштап аралашкан. Алгачкы ыр жыйнагы "Күн түнөгөн жүрөк" деген ат менен 22 жашында басмадан жарык көргөн.

Республикалык "Обон", "Де-факто", "Туран" жана башка мезгилдүү басма сөз каражаттарында журналист болуп эмгектенген. "Чаалыккан кыялдар", "Жетим көпөлөк", "Каркыра-мезгил" ыр жыйнактарынын, "Менин муң-зарлаш сулууларым" деген аталыштагы дүйнөлүк адабияттан котормо жыйнактарынын автору. Жолон Мамытов жана Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктардын, "Ала-Тоо-97" жаш акын-жазуучулар фестивалынын лауреаты, Маданияттын мыкты кызматкери.

Учурда "Чыгыш адабияты жана искусствосу" басма компаниясында редактор болуп эмгектенет.

Кызганыч

Кандай жашап жатасың сен?
Билгим келет эң эле.
Жылуусу жок жандар менен,
Эрикпейсиңби дегеле?

Жыпар жыттуу розадан соң,
Кандай экен фиалка?
Мурдагыдай көпкө ойлоно,
Батасыңбы кыялга?

Бейиш сымал бактан кетип,
Кантип бардың сен чөлгө?
Андан көрө алыс безип,
Же өлгөнүң оң беле?

Кандай жашап жатасың сен?
Өзгөрдүбү мүнөзүң?
Мени кечир, дагы деле,
Сени... Сени сүйөмүн!

Ошол кезде бирге окуган курсташтарымдын арасында ушул ырым абдан популярдуу болгон экен. Бул 1994-жылдар болчу. Ырдын жаралуу тарыхына келсем, жаштык, алгачкы махабат, жүрөктү тыз эттирген эң алгачкы кызганыч сезими тууралуу баяндаган ыр болуптур. Курсташым Гүлзара лекция учурунда: "Тим эле кой бул акындарды. Сүйгөнүңөр маңдайыңарда жалгыз силерге гана сыйынып "сулуум, жалгызым" деп олтурушу керек экен да, анда калган кыздарды ким сүйөт" деп тамашалап турчу. Деги эле ошол алгачкы "Күн түнөгөн жүрөк" ырлар жыйнагымдын жолу ачык болуп, ырларым жаштар арасына көп тараган экен. Ак жолтой китеп болду десем болот.

Себеби азыркыга чейин ушул китебимди "сатып алат элек" деп көп сурашат. Жок, өзүмдө да калган жок десем, кайра бастырып чыгаруумду суранышат. Ал китептеги ырларга таасирленип ыр жазган жаштар да болгон экен. Жаш өткөндөн кийин гана жаштыктын өзү поэзия, жаштыктын өзү сүйүү экенин түшүнөт экенсиң...

Бир сезим

Каректе жаш... Көкүрөктө көп санаа,
Гүлдөр мынча күзүндө кооз гүлдөгөн!
Билиш үчүн махабаттын кадырын,
Жашоо керек адам менен сүйбөгөн.

Жаштык өттү жашыл атлас жамынып,
Жаз да бүттү жака-белди көрктөгөн.
Сезиш үчүн ажырашуу азабын,
Мен кайрадан сүйүү отуна өрттөнөм.

Жаным сыздайт ардагымды жоготуп,
Кимдер чиркин жаңылбаган, күйбөгөн?
Билиш үчүн балким сүйүү кадырын,
Жашоо керек адам менен сүйбөгөн...

Гүлдөр мынча күзүндө кооз гүлдөгөн?..

Гүлдөр мынча күзүндө кооз гүлдөгөн?.. Бул ырымды кандай маанайда, эмнеге жазып калганымды айтыштын өзү оор. Ырды үстүртөн окуп коюу жетишсиз. Анда эмне ойлор айтылганын билүү үчүн кайра-кайра кайталап окуп, ар бир саптын түбүнө түнөп дегендей, акын менен кошо миң толгонуп, миң ойлонуш керек го. Деги эле азыр поэзия дегенди үстүртөн түшүнүп калышты. Чыныгы поэзия жүрөккө жетиш керек. Ошол эле учурда ырда айтылган ой, сезим-туйгулар ар бир адамдын өз башынан өткөндөй таасир калтырышы, окугандан кийин ойго батырып, таңдантып, ошол эле учурда сага рухий дем бериши керек.

Поэзиянын күчү ошол! Бул ыр жазылган учурда буга чейинки жашоомо саресеп салып, жаңылыш кадамдарым жанды кыйнап тургамын. Акын үчүн бир мезгил болот, баарын танып, баарын чанып, жашоону кайра баштаган. Андай мезгилдерде энеден кайра туулгандай болосуң. Ал эми төрөлүүнүн, жаралуунун өзү кандай кыйын, кандай азап... Ыр ошондой жаңыдан төрөлүп жаткан учурумда жаралыптыр. Деги эле ар бир ыр жөн жерден жазылбайт тура, баарынын төрөлгөн күнү, сааты, себеби болот.

Сентябрь

Жалбырактар жашыл бойдон ыраңы,
Гүлдөр дагы ажарынан өчө элек.
Менин гана көңүлүм пас, маанай суз,
Дил ооруткан сөзүң эстен кете элек.

Дагы кандай мен күтпөгөн кебиң бар,
Айта берчи, айтчы баарын калтырбай?
Мен тагдырдан күткөн элем бурулуш,
Белек кылчы мага ошону сентябрь!

Каалаганым, самаганым бир дүйнө,
Ал дүйнөгө жетпей канча умсундум.
Эски сөздөр... эски сүйүү, баары эски,
А мен болсо жаңылыкка умтулдум!

Эски десем, демек жаным каалады,
Жаңылыкты жарып чыгаар көкүрөк.
Кетким келет тайгаларга көз жеткис,
Ойлор кыйнайт жылкылардай күтүрөп!

Дагы кандай жан ооруткан сөзүң бар,
Айтып калчы, айта бергин калтырбай.
Мен тагдырдан күткөн болсом бурулуш,
Дал ошону белек кылат сентябрь!..

Бул ырым деле ошондой толкуп-ташып, дүйнөгө батпай, өзүмдү таппай, колдон келсе бул өмүрдү таштап кетким келген, баарын унутуп өмүрдү жаңыдан баштагым келген жан маанайды сүрөттөйт. Сен өмүр бою ишенип, өмүрлүк тирек, кулабас түркүгүм деп эсептеген эң жакын адамыңдын терс кадамы жан дүйнөңдү кандай гана оорутат, дилиңди сыздатат... Баарынан ишеничтин кыйраганы жаман.

Ишеним гана сүйүшкөндөрдү бириктирип турган күч боло алат. Бир чети көңүл калуу, бир чети жашоону кайра баштагым келген учур... Жашоонун өзү жаңыланып турууну талап кылат. "Дарак билип жазда бүчүр байлаарын, күздө түшкөн жалбырагын сагынбайт" деген ыр саптары бар го. Бул табият мыйзамы. Ошол сыяктуу эле жан дүйнөмдү жаңылап, дилимди агартып, тоолордой бийик болуп, дайыма жакшылыкка гана умтулуп, жашарып, жашылданып, жаңырып тургум келет!..

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asel69
2020-08-25 12:17:10
Бул эженин ыры Руханий жактан пайдалуу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан