"Алдыда көп пландарым бар, эң башкысы сакайып кетүү". Асел Кадырбекова ден соолугу тууралуу үн катты

Дээрлик 2 айдан ашык убакыт мурда жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекова окурмандарына кайрылып, бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу билдирүү калтырды. Өз кайрылуусунда ырчы баарына салам берип, жакшы болуп бара жатканын айткан.

"Албетте, толук түрдө калыбыма келүү үчүн убакыт керек. Дарыгерлерге, апама, жолдошума, туугандарыма, досторума, кесиптештериме жана сиздерге, баарыңыздарга рахмат! Мени менен, кызым менен, туугандарым менен бирге болгонуңуздарга... Жакшы болгондо сөзсүз түрдө ыраазычылыгымды билдирип видеокайрылуу жасайм. Сиздердин дубаңыздар мени сактады, мени жашоого, кызыма, жакындарыма кайтарды. Мен элдин кызы болгонумду билген да эмесмин. Бул сөздөр менин сиздерге болгон ыраазычылыгымды жеткирүүгө аздык кылат. Алдыда келечекке койгон көп пландарым бар, эң башкысы сакайып кетүү", - деп жазат ырчы.

Окуянын чоо-жайы:

26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.

Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган. Кийинчерээк Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечиргени, тосмо арыз жазганы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurka_85
2020-09-05 20:40:27
Ооба, эми эл көзүнөн алысыраак болуп, көп кайрыла бербе. Башкысы сакайып кет.
+14
portugalia
2020-09-05 22:51:25
Эч кимдин башына салбасын.Жакшы боло бер Аселя!
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан