Автокырсыктын кесепетинен жаракат алып, бейтапканада жаткан ырчы Асел Кадырбекованын абалы азырынча өзгөрүүсүз бойдон калууда. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбековго байланышканыбызда белгилүү болду.
"Бейтаптын абалы азырынча өзгөрүүсүз бойдон калууда, тагыраагы эсине келе элек. Симптоматикалык дарылоо жүргүзүлүп жатат", - деди дарыгер.
Ырчынын жолдошу Нурлан Насип социалдык тармактагы баракчасына "сен мага аябай керексиң", "суранам, кетпе" деген сөздөрдү камтыган сүрөттөрдү жарыялаган.
Асел Кадырбекованын кырсыкка кабылганы маалым болгондон кийин көптөгөн адамдар сарсанаа болушуп, социалдык тармактарда #ЖашаАсел деген хэштег менен ырчыга ден соолук тилеп жатышат.
SUPER.KG порталы ырчынын тезирээк айыгып кетишин каалайт.
Жол кырсыгы 26-июнда саат 15:47де Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинда катталган. Кырсыктын кесепетинен 3 жаран жаракат алган.