Ырчы Асел Кадырбекова жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду

Бүгүн, 7-июлга карата автокырсыкка кабылган ырчы Асел Кадырбекованын абалы тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков буларга токтолду.

"Ырчынын абалы оор, бирок туруктуу. Бир аздан сүйлөп баштады. Ал көбүнчө уктап жатат. Жылыш бар.

Биз аны жандандыруу бөлүмүнөн өзүнчө палатага котордук. Жанында апасы бар. Ал эми Асел Кадырбекова апасын жана башка адамдарды тааный баштады",
- деди Жумабеков.

Окуянын чоо-жайы: Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган.

Бишкек ШИИББи кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып, жол кырсыгын жараткан деп шектелген жаранга карата Свердлов райондук соту тарабынан 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкканын маалымдаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
i1urp
2020-07-07 11:44:11
Асель сага ден соолук. Жараткан Теңир сени дайыма колдоп турат. Бир гана Тенирден бата тилеп, жакшы болуп кетишине тилектешпиз.
-18
Sa89ai
2020-07-07 11:54:36
i1urp,сен жакшысы бироого жакшылык каалабай эле койчу алдагы жагымсыз создорду жазып
+1
erbol1998kg
2020-07-07 13:29:10
Sa89ai, "Тенир" деген соз жагымсыз угулуп жатабы сизге? Тенир деген бул Кудай дегенди билдирет!!!
-5
Bolya8892
2020-07-07 14:04:33
erbol1998kg,Аллахты кудай дейт. Тенир эмес
+3
erbol1998kg
2020-07-07 15:19:34
Bolya8892, Арабдашып калгандан бери Аллах деп калдык негизи ата- бабаларыбыз совет учурунда Кудай-Тенирим деп жалынышчу! Арабдар келип эле адамдардын психологиясын бузушту! катуу айтсам кечирим сурайм, чындык деген ачуу болот!!!
-5
Sa89ai
2020-07-08 16:26:00
erbol1998kg,жообуна кускум келе баштады кускууумммм прямо бетине кусам
0
Aia1219
2020-07-07 11:46:05
Тез сакайып кетишинди каалайм.
+15
Tiken
2020-07-07 11:50:02
Кудайым шыпаасын берсин, аминь, аминь, аминь!!!
+12
i1urp
2020-07-07 11:56:36
Минус басып убара болбогула. Пайда жок. Силердин минусунардан бироонун коз карашы озгоруп кетпейт. Чыдамынар кетип жатса ырас эле болуптур минус баскандарга. Кайра жакшы.
-19
Aigesha1511
2020-07-07 11:59:34
Аллахка шугур чын дилимден суйундум.Апамда сурап атты эле Асель жакшыбы деп.Биз сени жакшы коробуз Аселька.
+15
Tymar
2020-07-07 12:05:53
Тенирим колдоп жакшы болуп кет Асель.
-15
erbol1998kg
2020-07-07 13:50:18
Tymar, Аминь
-8
katerina.li
2020-07-07 12:15:25
Асель,айыгып кет
+10
Nadir27
2020-07-07 12:25:29
Аллахка шугур жакшы болуп кетсин Эми эртерээк
+10
SENUCHUNZHASHAlM
2020-07-07 12:56:21
Жакшы болуп кетет, азамат кыз.
+5
AidaKurman
2020-07-07 13:32:14
Кудайга чексиз мактоолор болсун. Шугур. Мындан да Жакшы болуп, мурункудай жашооно кайт Асел. Сени жакшы коробуз. Ошол авариядан бери кайненем экообуз бассак турсак амандыгынды тилеп атабыз.
+4
rola
2020-07-07 13:37:00
Алла шыпаасын берсин.Айыгып эртерээк уй-булондун жанына бар.Анан коп эле баскан-турганынды жарыя кыла бербе.Элдин назары да жаман.Коз тиет деп коет.
+5
sinej
2020-07-07 14:53:29
Аселди Тенирибиз колдоп кетсин. Коп жаша Асель. Тенир омур берсин.
-11
Stervashka
2020-07-07 22:43:34
Ылайым эле эртерээк сакайып кет Аселя! Омурун узуууун болсун татынашка! Кыргда тенирчилер кобойуп кеткенби, тооба?
+2
meni_kut
2020-07-08 12:05:36
Stervashka,Арстан Алайдын шакирттери))))
-1
ckopnuol-l
2020-07-08 03:08:05
Батырак сакайып кетсин Асел
0
Nourlan
2020-07-08 08:07:32
Теңирчи, аллахчы бөлүнбөгүлө кыргызым. Кыргыздар эзелтеден жаратылыш, табиятка аяр мамиле жасап келген көчмөн калкпыз. Теңирчилик бул кыргыздын эзелтеден келе жаткан каада-салты, ишеними. Орто жолдон чыга калган Арстан Алай деген оорулу адам өзүн теңирчимин деп атап, кыргыздын каада-салты, ишенимине доо келтирди деп ойлойм. Чубак ажынын ордунда Арстан Алай болсо азыр баардыгыңар ислам дининен жаа боюу качмаксыңар.
-2
meni_kut
2020-07-08 10:44:04
Nourlan,Биринчиден Кыргызстанда тенирчилик динир коп жылдан бери каттабай келет,анткени тоо-ташка сыйынгандар таш доорунда адамдар ан сезими осо элек кезде болгон.Азыр адамдар илим билимдуу,ар кайсы секталарга алданбайт.Темадан алыстабай,Аселге денсоолук гана каалап коелу.
0
Sa89ai
2020-07-08 16:28:07
meni_kut,азаматсын эн сонун жооп секталарга эч Ким алданбайт.Алаахым шыпаа берсин Аселге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан