Ырчы Асел Кадырбекова кырсыкка кабылгандан бери бир апта өттү. Анын бүгүнкү күнгө карата абалы айтылды

Ырчы Асел Кадырбекова автокырсыкка кабылып, ооруканада жатканына бир апта болду. Бүгүнкү күнгө карата ырчынын абалы тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков буларга токтолду.

"Асел Кадырбекова сопор абалына келди. Бул толугу менен эс-учуна келүүдө дегенди билдирбейт. Бейтап көзүн ачып, тамак иче баштады. Биз анын сакайып кетүүсүнө бардык күч-аракетибизди жумшайбыз", - деди ал.

Сопор - адамдын уйкусуроо абалында болушу. Башкача айтканда, аң-сезими толук ойгоно элек болот, бирок денеге укол сайылганда же катуу үн чыкканда адам реакция берет.

Окуянын чоо-жайы: Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган.

Бишкек ШИИББи кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып, жол кырсыгын жараткан деп шектелген жаранга карата Свердлов райондук соту тарабынан шектүүнү 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкканын маалымдаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
AidaKurman
2020-07-03 14:46:22
Кудайга шугур. Жакшы болуп кетсин. Асел жаша.!!!!
+16
Tymar
2020-07-03 14:49:32
Тенирим колдосун Асель айымды.
-30
aika17
2020-07-03 15:30:41
Байкушум ий,кандай күндү кечирип атат экенсиң.Айыккан күндө да мунун азабын,залалын тарта бекенсиң .Кантсе да жаша Асел!Сени ырчы,же блогер катары эмес кыздын энеси,эненин кызы катары тааныйм жана амандыгыңды тилейм!
+11
sirenaaaaa
2020-07-03 21:17:01
aika17,Албетте зыянын тартат. Баш мээден жаракат алган адам. Мен машина сузуп сотрясение мозга алгам, 5жыл болду. Бат бат лечение алып турбасам, башым ооруп которо албай калам. Кудайга шугур, бутум басып кеткенине деп азыркыга чейин эстесем ыйлайм. 4-больницада терезеден басып жургондорду коруп канча коз жаш токтум.
0
vikidiki
2020-07-03 22:39:20
sirenaaaaa,Мындан да жакшы күндөрдү насип кылсын сага! Сакайып кеткенин эле канча жеңиш.
+2
katerina.li
2020-07-03 15:45:52
Айыгып кет,Асель
+5
filis
2020-07-03 15:46:15
Аселдей болгон татынакай кызыбызды Тенирим колдоп кетсин. Жараткан Тенир созсуз колдойт.
-15
meni_kut
2020-07-03 19:29:12
filis,Тенмрмн башында калгыр
+3
Dikowka93
2020-07-03 16:11:29
Аллахым шыпаасын берсин...Арстан алайдын шакирттери кобоюп кетиптирго
+4
Ziregim
2020-07-03 16:46:53
Буйруса жакшы болот ,баары тундо кустук го
0
Glafira
2020-07-03 17:11:28
Ассаламу алейкум жамаат, жуманар маарек болсун. Аллахым шыпаасын берсин Асел айымга. Адашып жургон тенирчилергеда Аллахым туура жолду корсотсун, журокторуно ыйман берсин. Ассаламу алейкум
+7
sinej
2020-07-03 17:25:17
Кыргыз элимди Тенир колдосун. Тенирим кырсыктардан сактасын.
-14
Aijamal2633
2020-07-03 18:07:38
Аллах колдосун. Тенир эмес!
+3
vikidiki
2020-07-03 22:40:19
sinej,Теңирчилер көбөйүп кеткенби? Улам бирөө чыгат го теңирин эстеп.(((
+1
PeRa
2020-07-03 18:08:25
Айыгып кетсе экен. Ырын деле укчу эмес эмесмин, бирок ар бир бала ата энесиз калбашын каалайм. Комментарий жазгандардын суранат элем ар бир адамдын туткан динин сыйлап койсоңор жакшы болоор эле.
0
nazarnew
2020-07-03 21:05:49
Бечара хабибдин ататсы өтүп кетиптир, жаны жаннатта болсун, а Асель тезирээк сакайып чыккын, бул жыл че то катаал жыл болтат, Аллахым баарын бодо кырсыктан сактасын, бүт планета элдери аман болсун, омиийн.
+2
Mahabat84
2020-07-03 22:44:42
Жакшы кабар;-)
0
Akoga
2020-07-04 09:22:33
Ой динчилдер качан акыл кирет силерге, теңир деген дин жок жана болгон эмес. Болгону жеке адамдын ыйык сезими калоосу ,тилеги. Өзүңөргө душман көрбөгүлө жана Арстан Алайга аралаштырбагыла.
+1
Siezdjanym
2020-07-04 09:26:21
Жаша Асел кызын үчүн жаша!
0
dangerouskg94
2020-07-06 07:43:42
Темирчи деген не кыргыздар тушунтуруп койгулачы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан