Ырчы Асел Кадырбекова жаткан оорукананын директору Сабырбек Жумабеков: "Бейтаптын абалы оор бойдон калууда, эсине келе элек"

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков ырчы Асел Кадырбекованын абалы тууралуу кыскача маалымат берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына калтырган видеосунда айтты.

Анда Сабырбек Жумабеков журналисттерге кайрылып, телефон чалуулар аябай көп болуп, дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаралып жатканын айткан.

"Телефон чалуулар көп болуп, ишибизге жолтоо болуп жатат. Эл дагы маалымат күтүп жатат, андыктан ырчынын абалы тууралуу кыскача маалымат берели.

Асел Кадырбекованын абалы оор бойдон калууда. Эсине келе элек. Дары-дармектин жардамы менен эмес, өз алдынча дем алып, кан басымы турукташып баратат. Кичине болсо дагы жылыш бар. Бирок абалы оор бойдон. Башка маалымат бере албайбыз",
- дейт ал.

Окуянын чоо-жайы: Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, эс-учун билбеген абалда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
kansuluu
2020-06-29 13:02:19
Ий байкушум ажал менен күрөшүп жатат, жаша Асель! Кызың үчүн жашачу!
+10
kansuluu
2020-06-29 13:02:41
Жашачы
+7
Aika1988
2020-06-29 13:11:23
Күндө жакшы жаңылык күтүп жатабыз кудайым кызы үчүн кайтарса экен мотурайган жөжө куса болуп жаткандыр Оо Аллахым Дарыяны апасыз калтыра көрбө..
+15
Nurik1988
2020-06-29 13:23:26
Жараткан Аллахым шыпасын берип тез эле сакайып кетсинчи
+12
katerina.li
2020-06-29 13:50:09
Кудай Бир сактап,айыгып кетсин
+9
J1irg
2020-06-29 13:52:51
Жараткан Тенирим Аселге ден соолук берсин. Тенирден бата тилеп, жакшылык болсун.
-6
bekalife
2020-06-29 13:53:46
Аллах Таалам шыпаа берсин. Омурун узун кылсын
+9
Asel69
2020-06-29 13:56:33
Кыйынчылыкта Тенир колдойт. Бар бол Асель. Тенир колдосун.
-10
MAKALAK
2020-06-29 14:22:39
Asel69,Ким ал Теңир кантип колдойт
+3
AksyKum
2020-06-29 14:33:27
MAKALAK,кошунасы
0
sinej
2020-06-29 15:37:55
Жаратуучу Тенир тынчылык берсин. Ооруба Асель, бар бол. Тенирден бата тилейлик
-5
bond0202
2020-06-29 16:05:59
sinej,элдин баары алла деп жардам кудайдан жардам сурап атса тениринерди реклама кыласынар.жок дегенде ушул жерде тынч тургулачы тениринерди аралаштырбай.баардык нерсе бир алланын колунда
+2
taalay25
2020-06-29 16:26:24
Тенирчилер тениринерди башка жака барып реклама кылгылачы! Мусулмандардын лентасын булгабай. Жок дегенде Арстан Алайга баргылачы «лопух», болгондон бери озуно келе албай журот
0
Tymar
2020-06-29 19:59:12
Жалпы элимди Жараткан Тенир колдосун.
0
taalay25
2020-06-29 21:49:08
Tymar,шаманизмди башка жака барып кылчы
0
Paprikafm
2020-06-29 22:09:45
Эмне эле Тенир десе жининер келип жатат тенир деле кудайдын бир тур аты да тооба
-1
taalay25
2020-06-29 22:35:05
Paprikafm,тенири шаманизмдин исламга мусулманчылыка эч тиешеси жок, болгон да эмес! Озун тушунбосон башкаларды да азгырба жолдон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан