Украинанын президенти коронавирус жуктуруп көргүсү келгендигин айтты

Украинанын президенти Володимир Зеленский коронавирус инфекциясын жуктуруп алууну көздөгөн. Бирок үй-бүлөсүнө байланыштуу бул оюнан кайткан. Бул тууралуу президент украиналык басылмалардын бирине билдирген.

"Мен элге жеңилирээк болуш үчүн бул этаптан өтүүнү каалагам", - деген Зеленский.

Анын айтымында, эл коронавирус инфекциясынын айынан бардыгыбыз өлүп калабыз го деп коркпош үчүн өзүнө инфекцияны жуктурууну чечкен. Бирок Зеленский өзүнүн үй-бүлөсүн эстеп, аны мындай жоругу үчүн үй-бүлөсү кечирбейт деп ойлонгонун айткан.

Украинада коронавирус инфекциясы жалпы 28 миң 479 адамдан аныкталды. 818 адам каза болсо, 12 миң 892 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AdylbekB84
2020-06-09 19:59:27
Баарибир артист артистигин кылат экенда!
+7
Mylatka..
2020-06-09 23:57:24
AdylbekB84,ушинтип жазганы кирген элем...
+1
algakaray
2020-06-09 21:10:31
Сен ооруба мен ооруйун ата журт де!
+5
futboler
2020-06-10 02:57:04
Клоун эмес эле накта жинди го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан