Бүгүн, 11-сентябрда эстрада ырчысы Алмаз Шаадаев 30 жашка толду. Айылдан апасы келгенин айткан ырчы кечинде бир туугандары менен туулган күнүн белгилейт.
"Кечинде менеджерим күтүлбөгөн жерден келип куттуктады. Куттуктоолор жылдагыдай болуп жатат. Бүгүн апам айылдан атайын келди. Кечинде бир туугандарым менен туулган күндү белгилейбиз", - дейт ал.
Сахна Алмаз мырзаны кандай өзгөрттү? Ырчынын бала чактагы, окуучу, студент кездеги сүрөттөрүнө көз чаптырып көрөлү.
Алмаз Шаадаев 1990-жылы 11-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган.
Чоң сахнага "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган “Жылдын суперлери-2010” концертинде “Жаным, ай” аттуу ырын ырдап чыккан. Репертуарында "Күлүп койчу, айдай", "Фаридам", "Жаркырасын Кыргызстан", "Ата-апа", "Жаным, эй", "Сагынам", "Келчи, жаным, келчи" жана башка ырлары бар.
11-сентябрдын жылнаамасы.