Убагында бетиндеги уячасы менен кыздардын жүрөгүн багындырган ырчы мырза 1985-жылы 25-ноябрда Талас облусунун Кара-Буура районунун Чоң Кара-Буура айылында төрөлгөн. Айылдагы орто мектепти аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик көркөм өнөр институтунун хордук-дирижёрдук бөлүмүндө (ОХД) окуган.
Мирбек Иманбеков сахнага кадам таштаган 15 жыл аралыгында кандай өзгөргөргөнүн сүрөттөр сүйлөп берсин.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КАДАМ ТАШТАГАН 2005-2006- ЖЫЛДАР
Сахнага "Таластык кыз" ыры менен кадам таштап, тез убакыттын ичинде көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.
"Таластык кыз" ырынан кийин "Сүйүүнүн керемети", "Секелегим", "Түн чүрөгү" жана башка ырларды аткарып чыккан.
Түгөйлөрдүн ортосунда Арууке, Мырзайым аттуу кыздары жана Чынтемир деген уулу бар. Учурда Мирбек мырза үй-бүлөсү менен туулуп өскөн айылында жашап, багбанчылык менен алектенет.
25-ноябрга карата жылнаама.