Фотоальбом. 53 жашка толгон Айчүрөк Иманалиеванын баёо секелек кези, бакыраң көз бажырайган бийкеч учуру, жар жана эне болгону сүрөттөрдө

Бүгүн, 12-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева 53 жашка толду. Ырчынын уулу Арлен менен кызы Аэлита да дал ушул күнү төрөлгөн. Мындан улам буга чейин туулган күндү үчөө биргеликте белгилеп келгенин айтат.

"Өзүмдүн жана уулум менен кызымдын туулган күнүбүз прездентти шайлап, өлкөбүз туруктуулукка жол алган күндөргө туш келип калды. Эне катары балдарым өнүккөн өлкөдө, бактылуу жашоодо жашаса деп каалайм. Ошондуктан өзүмдүн туулган күнүмдү унутуп коюп, балдарга көбүрөөк көңүл буруп калдым.

Үй-бүлөлүк досторубуз түнкү 12де куттуктап келишти. Сулуулук салонго да барып куттукташты. Уулум менен кызым деле туулган күнүн биз менен белгилеп келишчү. Бул жолу кызым Аэлита туулган күнүн курбулары менен өткөрөйүн деп жатат", - деди ал.

Айчүрөк Иманалиева 1968-жылы Талас районунун Калба айылында туулган. Төмөндө Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артистинин секелек кезден азыркы кезге чейинки сүрөт баяны.

Айчүрөк Иманалиева "Роза гүлү", "Кызыл гүл" ыры менен бүт кыргыз журтчулугуна маалым болгон. 1995-1996-жылдагы "Азия даусы" эл аралык фестивалынын ардактуу мейманы болуп, 1996-жылы Нью-Йорк шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк эстрадалык фестивалга катышып келген. 1999-жылы Беларуста өткөн "Славян базары" эл аралык сынагынын дипломанты, Украинадагы "Алтын скиф" эл аралык сынагынын лауреаты, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин Ардактуу дипломунун ээси.

Айчүрөк Иманалиева 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" деп табылган.
12-январдын жылнаамасы.
Боронов сурак берди, студенттер контрактты 50 пайызга кыскартууну талап кылышууда
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
uitmor
2021-01-12 14:23:15
Башынанле стерва го
0
Aidan_Ek
2021-01-12 16:08:17
Анжелика эмнеге эле кечке бир кагаз берип коюшпайт деп наалый берет десе, корсо Айчурок Иманалиевага ушул жагынан тен келе албай жатыптыр да.
+1
arimaz89
2021-01-12 16:17:46
Туулган күнүңөр кут болсун! Айтканыңыз келип, балдарыбыз өнүккөн өлкөдө, бактылуу өмүр сүрүшсүн!

Айчүрөк айым тээ баштан эле красавица, модница, сахна үчүн жаралган айым болгон экен. 1968-жылы туулгандардын сүрөттөрүн карап көрсөңөр мындан башкачараак сыяктуу көрүнөт.
0
Sonyasonya
2021-01-12 17:03:39
Куйоосунун жаштыгынын сыры эмнеде болду экен?
0
Kyrc...
2021-01-12 18:33:20
Кучтуу аял,мыкты ырчы,бактылуу эне. Омурунуз узун болсун.
0
Kanatbek-Orunbaev
2021-01-12 19:41:20
Биз кичинекей кезде эң сулуу айым Айчүрөк Иманалиева болчу да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан