Биз социалдык тармакта

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды

Шалаакылыкка жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурунку жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

"Шалаакылык жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шектелген Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчи адамдары өздөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүшкөндүгү аныкталды. Ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген. 15-сентябрында Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышты кылды деп шектелип, экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aimani
2020-09-15 21:35:40
Неужели
+4
AJow
2020-09-15 22:35:49
Биринчи Абылгазиевди,анан ушуларга окшогондорду камаш керек го дейм
+2
rysik79
2020-09-16 06:49:27
Камай бергиле.
0
Akoga
2020-09-16 09:58:12
Жээнбаева Бактыгул качан камалат.
+1
Akoga
2020-09-16 10:28:58
Булардын шаалакылыгынан канча деген адамдар өлүп кетти. Пандемияга даярдык жоктугу акчанын, даарылардын тартыштыгы кесепетинен миңдеген адамдар жабыр тарты. Жооп беришсин.
+1
Adil18
2020-09-16 12:07:06
9.000.000 сом мамлекетке зыян келтирди,сот келтирилген зыянды толоого милдеттендирилди.Болду,чыгып кетет.
Бул адамды катуу жазага тартуу керек.
Министр катары элдин саламаттыгын эч ойлогон жок.Курсагын кампайтып эле журду.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан