Казакстанда бир суткада 907 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 907 адамдын ичинен 462си вирустун симптомдорун алып жүрүүчүлөр болсо, 445и ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр.
Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 97 миң 829га жетти. Бул илдеттен жалпы 71 миң 609 бейтап айыккан.