Поэтерапия: "Таң азандан автобус күтпөй эле, Бакыт күтүп тургандай сезе берем"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасында бул жолу жаш акын Темирлан Сейитбек уулу ырларынын жаралуу тарыхы тууралуу баяндап бермекчи.

Темирлан Сейитбек уулу 1996-жылы 18-декабрда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Мантыш айылында жарык дүйнөгө келген. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. "Темир канат" ырлар жыйнагынын автору. Учурда журналист болуп эмгектенет.

"Эми ыр жазуу студенттик жылдардын белеги деп билем. Азыр өз кесибим менен иштеп, чыгармачылыкты кошо тартып жаткан кез. Бирок бир чочулаганым - ыр жазгандан кийин андагы тагдыр жашоодо кайталана баштаганы. Андыктан сезимге алдыруу менен ырларды жазууда абайлап калдым", - деп Темирлан мырза ырларынын жаралуу тарыхы тууралуу баяндап берди.

Костюм...

Бырышкан көйнөгүм бар, уялбай кийип коём,
Аныма "чоңчосунан" галстук илип коём.
Буга да карабастан сезимиң тунук мага,
Антсе да уялганың ичимден билип коём.

Костюм бар өңү өчкөн, жонума иле турган.
Зоболом, бийлигим жок бирөө баш ийе турган.
Барсынып башкалардай кериле сени ээрчитип,
Долларым, сомум да жок, кафеге кире турган.

Билесиң, бир бут кийим, ал ырас кайыш эле
Бутумдан түшпөй жүрөт, а байкуш жай-кыш эле,
Сезем көп курбуларың күлүшөт сынап мени,
Чынында колунда жок, жигитиң байкуш эле!

Жетиштүү көп жигиттер, өзүңө сук артышат
Күйгүзүп, ызалантып, кызгантып кубартышат!
Капчыгым жукасына карабай сүйүп турсаң,
Артыңан жүгүрүшүп, бир чети кубантышат...

Бакчада гүлдөн үзүп, көтөрүп барам сага,
Акыркы тыйыныма " таттуудан" алам сага
Көтөрүп көңүлүңдү, чыныгы сезим менен,
Мамиле кылган үчүн, жарыгым жагам сага!

Үтүккө жеңи күйгөн жемпир бар ачык күрөң
Уялбай кийип алып, жибек жол токуп жүрөм!
Максатты кенен коюп, келечек куруу үчүн,
Тажабай жанталашып, билесиң окуп жүрөм.

Билбейсиң, бир нерсени жамаачы байпактарым,
Жанымда далай жүрдүң, бир ирээт байкатпадым.
Бүгүнкү турмушумдун тарына кайыл болуп,
Ишенди калпырымды ырлардын каймактарын...

Батирде жашайм аны, көргөнсүң өзүң деле,
Жетпеген турмушума көнүктү көзүң деле!
Суранам жүрөгүмө ысымың жазып туруп,
"Унуткун! Мени эстебе! Жашооңон өчүр"- дебе!

Нур түшөт мезгил менен ордуна көлөкөнүн,
Ичтеги бук-арманды ыр менен жөнөтөйүн.
Токтоосуз арт-артынан толкундар келе берсин,
Жанымда сен бар үчүн, чарчабайм жөнөкөйүм!
Жашоомдун маңызысың, жалгызым жөнөкөйүм!

"Костюм" аттуу ырдын келип чыгуусу тээ студенттик кезде башталган. Ал кезде айылдан келип жаңы гана шаардын шаңына аралаша баштаган кез. Чынында карапайым үй-бүлөнүн баласы болгон соң студенттик кезде акча тартыш болгон учурлар болгон. Бирок баары бир адамдын материалдык эмес, моралдык баалуулугуна басым жасаган сулууга кезигип, элеп-желеп болгон жаштыктын шаңы башталган. Мына ошондо жалгыз бут кийим, жалгыз көйнөк, жалгыз костюмчан болсом да көңүл сыртында калтырбай, аяр мамиле кылган аруузат жан үчүн "Костюм" деген ыр жазгам. Ырдын түпкүлүк мааниси жөнөкөйлүк тууралуу. Адамдын барлыгы бир тең да, байлыгы бир тең деген маанини карманган сулуулар деле жок эмес. Башкысы сүйүүдөгү саясаттын жоктугу, мамиленин жөнөкөйлүгү.

Аялдама

Эски көчө, эх ушул аялдама,
Берсең бакыт, а түйшүк даярдаба.
Бир сулууга кезигем ар таң сайын,
Бажырайып караган аяр гана...

Бирге күтүп келишин автобустун,
Алыстыгы жакындайт ортобуздун.
Атың билбейм, жашыңды болжоп коём,
Мүмкүн жашың кырында он тогуздун.

Жолубуз бир, ар күнү кезигебиз,
Жакындардай айрымга сезилебиз.
Бизге баары мээримдүү тигилишет,
Кыз-жигиттей көрүнсөк кээсине биз.

Күн өтсө да зымырап эселеген.
Тааныша албай өзүмдү эзе берем.
Таң азандан автобус күтпөй эле,
Бакыт күтүп тургандай сезе берем.

Жамгыр төктү күзгө жуук, жай акыры.
Колунда жок сулуунун кол чатыры.
Ошол күнү жамгырдан корголодук,
Көйнөгүмө жугуптур тамчы атыры.

Ал көйнөктү дагы эле катып жүрөм,
Өңү болсо бир түстүү ачык күрөң.
Билбесем да өзүңдүн ким экениң,
Бейтааныш кыз кусага батып жүрөм.

Эски көчө, эх ошол аялдама,
Берсең бакыт, а түйшүк даярдаба!

Ал эми "Аялдама" деген ыр деле студент кездеги жылуу сезимдин учкундарынан. Дегеним, ал кезде мен туугандардын үйүндө жашачумун. Ар таңда аялдамага келип коомдук транспорт күтөр элем. Мени менен кошо бир көчөдөн бир сулуу чыкчу. Экөөбүз 144-маршрут менен ЦУМ соода борборунун тушуна чейин келип, мен Филармония тарапка, ал 5-чыгыш кичи району тарапка кетер эле. Арманым ал кыздын атын да билбейм. Алты ай бир маршрут менен ар таңда бир тарапка барсак да таанышуу буйрук болгон жок. Чынында буга да жупуну кийингеним себеп болгон. Ал кыздын нагыз шаардык экени сыртынан эле көрүнүп турчу. Жашырганда эмне азыр да шаар аралап унаамды айдап бара жатып автобус, маршрут көрсөм дароо ал кыз эсиме түшөт. Дегинкиси бактылуу болсо болду деп коём.

От жааган ошол таң

Күйүксөм дагы талашып улуу тагдырдан.
Азабың менен арманың кошо жактыргам.
Көзмө-көз келип, жолукпа мага а бирок,
Түшүмдө кезик, кай бирде жолук жакшы ырдан.
Эх, ошол таңда карекке аруу нур төгүлдү.
Турмушту сезим бир ирмем менен көңтөрдү.
Сыноодур балким, күнөө да болсо мейличи,
Бир өмүр эстейм, сыр тунган ошол көздөрдү.
Ойлогум келбейт сен ыйлап, муңга батууңду,
Өзүмдөй жансың, кыйнагым келбейт акынды.
От жааган бизге "ошол таң" унут болсун деп,
Оюңдан өчүп, өзгөртсөм кантет атымды?!
Сенде да турмуш, менде да турмуш бары чын,
Сага да мага салууда тагдыр далысын.
Сагыныч, куса, үмүттү ичтен чыгарбайм,
Анткени азыр бирөөнүн асыл жарысың.
"От жааган ошол таң" бул ыр жөн гана лирикалык ыр десем туура болот. Студенттик күндөрдө жазылган ырларымдын бири.
Мекен

Салбырап сүйрөп төшөнчү-ороо, оокатым,
Батирден батир котордум далай ооба, чын.
Тазалап жүрүп орустун эски тамдарын,
Жаш кезде кетти бир далай мезгил, ооматым.
Жыйырма эки жашым, жаш туруп турмуш күткөнмүн,
Тарткылык кезге ошондо деле түткөнмүн.
Ата-эне колдо, догдурга үйдөн көп жаткан,
Аманын тилеп, э досум жаман бүктөлдүм.
Үй курдум досум кол жооруп, далай каржалдым,
Башында бардыр эркекмин деген ар жандын.
Бир гана оюм атадай болбой турмушу,
Май-талкан болсун эртеңки күнү балдардын.
Эмгегим менен, колдорум менен курулду,
Ар кышы бышык, дубалы калың урулду.
Бакырган батир ээсинин үнүн эстесем,
Баткактан гана чыгардым бүтүн бугумду.
Иштедим досум барынча алы-күчүмдүн,
Үзүрүн көрдүм жаштыктан алган түшүмдүн
От жагып, түтүн булатуу МЕКЕН экенин,
Мекенге өргө салганда гана түшүндүм.
Мекеним үйүм, Мекеним журтум, Мекен жер,
Мекенден кетпе "Мекеним менин" десеңер.
"Мекен" деген ырды там салып жаткан убакта жазгам. Үй салуу жумуштары жүрүп жатканда мекен деп баш калкалоочу жайыңды, балдарың чоңоё турган жер тууралуу ойлонуп жазылган ыр болчу.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Akujan1408
2021-03-16 10:25:44
Чынында ырлары маани маныздуу экен.
0
raikakyz
2021-03-16 11:16:58
Баракелде!!!
0
Mirlan27011987
2021-03-16 11:41:02
Ушундай кереметту ырлардын аудиосу болобу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан