Кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасы негизделген күн жана Күз ортосу майрамына карата Кыргыз-Кытай чек арасындагы "Торугарт унаа жолу" жана "Эркеч-Там унаа жолу" өткөрмө бекеттери 1-4-октябрь күндөрү иштебейт. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган эки көзөмөл өткөрмө бекети 5-октябрдан тарта иштей баштайт.