
Бишкекте коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын саны көбөйүүдө. Мындан улам Кыргыз-Түрк достук ооруканасында кошумча стационар ачылганын республикалык штабдан кабарлашат.
Маалыматка ылайык, кошумча стационар Улуттук госпиталдын базасында ачылды. Ал эми "Тез жардам" борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов кошумча стационарлар кезек-кезеги менен ачыларын билдирет.
Коронавирус инфекциясынан жабыркап жаткан бейтаптарды ооруканага жаткыруу боюнча байланыш: 103 же 0(312) 32-30-00, 0(770)89-55-56 (WhatsApp).