Азамат Сагындык уулу Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды

Азамат Сагындык уулу Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамынын 46-беренесине ылайык, Уланбек Азыгалиев берилген арызынын негизинде борбор калаанын вице-мэри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Азамат Сагындык уулу Бишкек шаарынын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри болуп дайындалды. Буга чейин ал жер ресурстары департаментин жетектеген", - деп жазылат билдирүүдө.

Тиешелүү буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан