Министрлик: "Жумуш издеп кайрылган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 406 адамдын ичинен 113ү ишке орношту"

2020-жылдын үчүнчү кварталында жумушка орношууга арыз берген 406 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын ичинен 113 адам жумушка орношту. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Мындан тышкары 73 жумушсуз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам кесиптик билим алууга жана 137 адам акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жөнөтүлгөнү маалымдалат.

"2020-жылдын 1-октябрына карата министрликтин облустук жана шаардык иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 652 адам катталган, алардын 315и аялдар.

Арыз берген бардык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын психологиялык, физиологиялык жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн консультация алышат жана сурамжылоо өткөрүлөт, анткени көптөгөн бош кесиптердин айрым медициналык каршылыктары бар" , - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан