Бүгүн, 14-октябрда парламенттин кезектеги отуруму "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.
Күн тартибине депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрдин кызмат ордуна бекитүү маселесин киргизишти.
Жыйынга 83 депутат катышууда, 8 депутат кесиптештерине ишеним каттарын тапшырганы белгилүү болду.
Парламенттик көпчүлүк коалициясы Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүп, анын талапкерлигин бир добуштан колдошту.