Бүгүн, 2-июнга карата COVID-19 илдети 6 адамдын өмүрүн алып тынды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, каза болгондор төмөнкү аймактардан:
Бишкек шаары – 4;
Талас облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 1.
Муну менен илдеттен каза болгондордун саны 1 миң 821ге жетти.