Көк бөрү: Жогорку Лига. Нарындын "Ат-Башы" командасы Чүйдүн "Сары-Өзөнүнө" ири эсепте утулду

Бүгүн, 5-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.

Саат 12:00гө белгиленген Жогорку Лигадагы "Ат-Башы" - "Сары-Өзөн" командаларынын ортосундагы беттеш 3:16 эсебинде Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасынын жеңиши менен аяктады.

Учурда дагы бир бүйүр кызыткан Жогорку Лигадагы "Жаш-Күч" – "Кара-Буура" командаларынын ортосундагы беттеш башталуу алдында турат.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан