Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогу өтүп жатат. Бүгүн, 5-ноябрда Кубокто көк бөрү боюнча Жогорку Лиганын жана Биринчи Лиганын оюндары өтөт.
Оюндардын тизмеси: Биринчи Лига, "Жети-Өгүз" – "Ала-Тоо" саат 09:00дө башталат;
"Сокулук" - "Келечек" саат 10:30да башталат;
Жогорку Лига, "Ат-Башы" - "Сары-Өзөн" саат 12:00дө башталат;
"Жаш Күч" - "Кара-Буура" саат 13:30да башталат;
Биринчи Лига, "Мурас" - "Тору-Айгыр" саат 15:00дө башталат;
"Көк-Жал" - "Жумгал" саат 16:30да башталат.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.