Бүгүн, 5-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 13:30га белгиленген Жогорку Лигадагы "Жаш-Күч" командасы Таластын "Кара-Буура" командасын 7:2 эсебинде утту. Муну менен "Кара-Буура" командасы турнирдеги жүрүшүн токтотсо, "Жаш-Күч" эртеңки оюнда "Достук" командасы менен тайпадагы биринчи орун үчүн күч сынашат.
Учурда Биринчи Лигадагы "Мурас" - "Тору-Айгыр" беттеши башталуу алдында турат.
Көк бөрү боюнча президенттин Кубогу коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.