Бүгүн, 4-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 09:00гө белгиленген биринчи лиганын "А" тайпасындагы оюнда "Төш-Булак" командасы белгилүү улакчы Манас Ниязов ойногон "Ала-Тоо" командасына 1:12 эсебинде утулду.
Учурда биринчи лигадагы "Четинди" - "Келечек" командаларынын ортосундагы беттеш башталар алдында турат.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.