Бүгүн, 5-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.
Саат 11:30га белгиленген Биринчи Лиганын жарым финалдык оюнунда "Мурас" – "Суусамыр" командаларынын ортосундагы беттеш 11:3 эсебинде "Мурас" командасынын жеңиши менен аяктады. Муну менен Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы Биринчи Лиганын финалына чыгып, Оштун "Ала-Тоо" командасы менен беттешет.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.