"Фотоальбом" рубрикабыздын кезектеги каарманы "Тамашоунун" оюнчусу, Акылайдын образы менен таанылган күлкү жаратуучу, актёр Самат Эркинбеков. Бул ирет Самат мырзанын жылмаюу тартуулаган сүрөттөрүн сиздерге сунуштайбыз.
Самат Эркинбеков 1992-жылы Токмок шаарында туулган. 2008-жылы Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы №77 мектепти бүтүрүп, 2009-жылы медициналык училищеге тапшырып, 2012-жылы тиш доктурлук адистикке ээ болгон.
Өзү чүйлүк жигит болгону менен, балалыгы Кыргыз өлкөсүнүн булуң-бурчунда өткөн. Ата-энеси медицина кызматкерлери болгондуктан бирде Ошто иштешсе, бирде теңир-тоолуктарга кызмат өтөшкөн. Тентектиги элде жок Самат кичинесинде чочуркоо дегенди билчү эмес. Көчөдө ойноп жүрүп бейтааныш адамдарды ээрчип кете берип, көп уруш жеген.
Үч уул, бир кызды эрезеге жеткирип, алардын сыйын көрөр убакта Саматтын ата-энеси бул жарык дүйнө менен мезгилсиз кош айтышкан.
Саматты биз "Тамашоу" долбоорунан улам тааныйбыз. Долбоорго 2007-2008-жылдары "Ак-Өргө City" командасы менен катыша баштаган.
"Тамашоудон" сырткары "Мачо", "До+Фа", "До+Фа-2", "Көк салкын", "Көк салкын-2", "Пентхаус", "Браво", "Гонщик таксист", "Жора+Гуля" тасмаларында роль жараткан. Ошондой эле кыргыз эстрада ырчыларынын клиптеринде образ жаратууга да жетишкен.
"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2013-жылдын супер күлкү жаратуучусу" аталган.
2015-жылы сүйүктүүсү Чолпонайга баш кошуп, түгөйлөр 2020-жылы октябрь айында Иман аттуу уулдуу болушту.