Биз социалдык тармакта

"Муунта берет". Журналисттер Садыр Жапаровдун эмне үчүн галстук такпаганына кызыгышты

Бүгүн, 12-ноябрда өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын берүүдө. Анын жүрүшүндө журналисттер тарабынан "Эмне үчүн галстук такпайсыз?" деген суроо берилди. Бул суроо Жапаровду жылмаюуга аргасыз кылды.

"Галстукту мен жөн эле такпайм, мага жакпайт галстук таккан. Муунта берет. Бирок ШКУнун онлайн конференциясында такпадымбы", - деп жооп берди.

Буга чейин Садыр Жапаров ШКУга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин онлайн-видеоконференциясына катышкан. Анда ал галстук тагып отурган болчу. Көпчүлүк ал кызматка келгенден бери биринчи жолу галстук тагынып чыкканын кеп кылышкан.

"Галстук тагынсам муунуп кетем" дейт Жапаров
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан