Сегизбаев Чоткараевдин камалышы боюнча үн катты. Новиковдун жубайы менен түшкөн сүрөтү талкуу жаратты. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 14-декабрь, күнгө дүйшөмбү. Күндөгүдөй эле бул күн да саясий окуяларга, жаңылыктарга бай болду. Алардын баарынан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун алдыңызга сунуш кылат.

Артём Новиковдун жанындагы айым талкууга алынды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковдун белгисиз айым менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар иштеген жайда тамактанып жаткан сүрөтү интернетке тарады.

Социалдык тармакта бул сүрөт талкууга алынып, Новиковдун жанындагы айым ким деген суроо жаралган. Аталган кафенин ээлери SUPER.KG порталына билдиргендей, Артём Новиков 12-декабрь күнү жубайы менен келип, кадимки эле катардагы кардарлардай тамактанып кетишкен.

Буга чейин SUPER.KG порталы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жай тууралуу жарыялаган. Ал жерде 10го жакын угуу, көрүү мүмкүнчүлүгүнөн чектелген, Даун синдрому менен ооругандар иштейт.

"2005-2010-жылкы ыкмалар кайталанып жатат". Сегизбаев Дүйшөнбек Чоткараевдин камалышы боюнча үн катты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Чоткараев УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ал өлкөгө зер буюмдарды аткезчилик жолу менен алып кирген адамдарды абактан мыйзамсыз коё берүүгө тийиштиги бар деп шектелип жатканын аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 12-декабрь күнү Башкы прокуратура Чоткараевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана экономикалык аткезчиликке шектелип жатканын кабарлаган. Анын баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, тергөө аяктаганга чейин камакта болуу чечими чыккан.

Буга чейин дагы 27-ноябрда УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев чукул жыйын өткөрүп, анын тарапташы болгон Дүйшөнбек Чоткараевди күч түзүмдөрү кармап кеткенин билдирген. Бирок анда Чоткараев ким тарабынан кандай максатта кармалганы тууралуу так маалымат берилген эмес.

Сегизбаев Чоткараевдин камалышы боюнча үн катты.

"Коррупцияга каршы кызмат тарабынан Дүйшөнбек Чоткараевдин камалышын мен саясий процесстерге кысым жасоого аракет кылуу катары түшүнүп турам. Мен Дүйшөнбек Чоткараевдин үстүнөн башталган ишти түзмө-түз шайлоо процессине байланыштуу деп эсептейм. Себеби Чоткараев биздин штабга өз ыктыяры менен келип, бизге жардам бергенге аракет кылган. Ошол аракет башталганда 3 жыл мурун тынч жаткан, эч ким тийишпеген ишти башташты. Биринчи жолу суракка алып кетишти. Экинчи жолу СИЗОго камашты. Менин оюмча, АКСти башкарып тургандар ушундай ишти уланта берсе, жакшылык менен бүтпөйт. Булар 2005-2010-жылы болгон ыкмаларды кайталап жатышат", - деген Сегизбаев өз билдирүүсүндө.

Бишкектин мэриясында директорлук кызмат ордуна мага 300 миң евро сунушталганы айтылды

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мэрияга кызматка келиш үчүн 300 миң евро, 100 миң долларлык унаа сунушталганын айтты.

"Бир директорлук кызмат ордуна мага 300 миң евро сунушташты. 300 миң евро! Доллар дагы эмес. Жүрөгүм түшүп кетти. Коркуп кеттим. Азыр атайын кызматтарга бердим, териштирип жатышат. Ал кызмат ордунун айлык акысы ашып барса 15-20 миң сом. Дагы бир кызмат үчүн 100 миң долларлык унаа сунушташты. Адаммын да, алгач акчаны алып туруп, арыз жазып мэрликтен кетип калайын деп ойлодум (күлүп). Албетте, мунун баары тамаша. Абийир алдында кантип жооп берем, тиги дүйнөдө мунун эсебин кантип берем деп ойлодум. Экинчиден, булар эмнеге коркпойт, эмнеге баарын акчага сатып алса болот деп таң калдым", - деди Түлөбаев.

Социалдык тармакта Түлөбаев бул боюнча прокуратура кызматына кайрылуусу керектигин жазып жатышат.

Шайлоо фондунан кайсы президенттикке талапкер канча акча чыгымдады?

11-декабрга карата 18 талапкердин шайлоо фондунда жалпы 49 миллион 835 миң 807 сом чогулса, анын 41 миллион 616 миң 691 сому чыгымдалган.

Шайлоо фондуна келип түшкөн жана чыгымдалган каражаттар:

1

Бабыржан Төлбаев

5 202 872

2 062 375

2

Садыр Жапаров

19 017 600

17 718 020

3

Аймен Касенов

2 310 305

1 995 520

4

Арстанбек Абдылдаев

1 560 000

1 550 455

5

Равшан Жээнбеков

1 110 000

1 103 555

6

Курсан Асанов

1 483 000

1 048 735

7

Эльдар Абакиров

1 265 000

1 052 422

8

Адахан Мадумаров

1 163 100

1 160 860

9

Абдил Сегизбаев

1 509 910

1 485 634

10

Жеңишбек Байгуттиев

2 934 100

2 533 216

11

Мыктыбек Арстанбек

1 110 000

1 105 160

12

Клара Сооронкулова

1 026 900

1 012 450

13

Рашид Тагаев

3 722 500

1 627 607

14

Бактыбек Калмаматов

1 302 020

1 176 705

15

Каныбек Иманалиев

1 020 000

1 007 620

16

Имамидин Ташов

1 800 000

1 799 810

17

Канатбек Исаев

1 177 000

1 055 065

18

Улукбек Кочкоров

1 121 500

1 121 482

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asanali
2020-12-14 19:12:30
Шайлоо фондуна келип тушкон акчалар эмнеге жумшалат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан