"Рулду башкара албай бетонду сүзгөн". Ошто жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. ӨКМнын маалыматына ылайык, автокырсык 14-декабрь күнү саат 07:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 647-чакырымында (Кара-Дөбө айылы) орун алган.

"Хендай Аванте үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай бетон тосмону сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек адам (1984-жылы туулган) каза болуп, 2 эркек адам (1980-жылы туулган, 1985-жылы туулган) жабыркаган.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жана каза болгон жарандарды милиция кызматкерлери Ош облустук ооруканасына жеткиришкен", - дешти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан