Боом капчыгайындагы автокырсык. 21 жаштагы айдоочу эсине келбей каза болду (фото)

Боом капчыгайында катталган автокырсыктан 1 жаран каза болду. Жол кырсыгы 31-октябрда саат 17:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында орун алган. Маалыматты Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы билдирди.

"1999-жылы туулган Ысык-Көл облусунун тургуну Ауди-100 унаасы менен түндүктөн түштүк тарапка бара жатып, жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жаракат алып, Кемин райондук ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей каза болду.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деди мекемеден.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bond02
2020-11-01 10:14:48
Дагы жакшы жалгыз экен.
+1
kamchatka
2020-11-01 10:47:08
Машине распил экенда узулуп кетиптирго
0
CR7_JUV
2020-11-01 12:06:41
Урматтуу айдоочулар рулга отуруп машинени башкаруу да жоопкерчиликтүү иш, ошондуктан рулга отуруп жатканда бир аз жоопкерчиликтүү болойлучу, ар кимдин өмүрү өзүнө гана керек!!!
+12
Gold_star
2020-11-01 12:58:22
Жаман иш болуптур...
0
AdylbekB84
2020-11-01 14:34:35
Ой тобо бул машинанын талкаланганына караганда 1000 де келе жаткандайго!
+1
jaz99
2020-11-01 18:48:30
Урматтуу ар бир айдоочу акырын айданыздарчы суранам
+2
Kerryee
2020-11-01 19:08:02
Негизи ажалго Ажалын келсе любой жерде олобуз бирок Ким байкады дорожный бордюр Отто туура эмес жерде турат любой авто андай жерде скорость где то 80.100.120 карайт тем более двух поласный дорого + короткий поворот жолдун жээги песок. Вот вам Кыргызстан!!!
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан