Бишкектин батыш автобекетинде айдоочу жөө адамды сүзүп кетти. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза болду дейт Патрулдук милициянын басма сөз катчысы.
Кырсык 13-мартта болжол менен саат 23:50 чамасында орун алган.
"1980-жылы туулган Т.М. аттуу айдоочу Скания үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен батыш автобекетинин тушунан 30-35 жаштагы кебетеси азиялык болгон эркек кишини сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жөө адам окуя болгон жерде көз жумган. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.
Топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кырсыктын келип чыгуу себебин аныктоо иштери жүгүзүлүп жатат", - деди маалымат катчы.