Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 7 адам каза болуп, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-март күнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда, тактап айтканда, Бүргөндү айылында Мерседес-Вито жана Хонда-Жаз үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен 7 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган.
Жабыркаган жарандар Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон адамдардын жансыз денелери Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.
Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу, "Тез жардам" жана ИИМдин кызматкерлери тартылып, куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарышып, жансыз денелерин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.