Бүгүн, 31-январда Бишкектин 12-кичи районунда эки автоунаанын катышуусундагы жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу окуянын күбөсү социалдык тармакка жазган.
Анын айтымында, кырсык болжол менен эртең менен саат 07:45терде болгон.
"Лексустун айдоочусу качып кетти. Ауди автоунаасында бир кичинекей бала жана эркек киши бар экен", - деп жазат күбө.
Кырсык тууралуу патрулдук милициянын маалымат катчысы буларга токтолду.
"Бүгүн эртең менен саат 07:30 чамасында эки автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анда Ауди менен Лексус Эрикс үлгүсүндөгү автоунаа кагышкан. Эки айдоочу жана бир кичинекей кыз "Тез жардам" кызматы менен №4 ооруканага жеткирилген. Кийин Аудинин ээси каза тапканы белгилүү болду. Ал аскер адамы болгон. Кырсыкка катышкан унаалар айып аянтчасына токтотулду. Лексустун айдоочусу качып кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт", - дешти маалымат кызматынан.
Окуя боюнча тергөө иши башталды.