"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 79 миллион 327 миң 405 адам жуктуруп алды

Бүгүн, 25-декабрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 79 миллион 327 миң 405 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 44 миллион 668 миң 227 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 741 миң 685 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 18 миллион 649 миң 352 болду. 329 миң 22 адам каза болсо, 10 миллион 291 миң 67 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 123 миң 778 адамдан аныкталды. 146 миң 756 адам каза болсо, 9 миллион 693 миң 173 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 7 миллион 423 миң 945 адам вируска кабылган. 189 миң 982 бейтап көз жумса, 6 миллион 512 миң 717 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан