Социалдык тармакка кыз ала качууга аракет кылган балдардын видеосу тарады. Окуяга күбө болгон кайдыгер эмес жарандар бул көрүнүштү видеого тартып алып, кызды ала качкандардын артынан кууган. Андагы маалыматка ылайык, окуя Бишкек шаарындагы 7-кичи районунда орун алган.
Видеодон кечинде көчөлөрдүн кесилишинен балдар кызды унаага салып жатканын, кыз каршылык көрсөтүп, балдарды тепкенин көрүүгө болот. Ага карабай айдоочу унааны катуу ылдамдыкта айдап кеткени байкалат.
Видеонун автору кыз ала качууга аракет кылгандарды артынан кууп жеткенин, андан кийин балдарды укук коргоочулар алып кеткенин айтат.