"Финансы полициясы “Не сахар долбоору” менен биргеликте балдардын ден соолугунан кантип мыйзамсыз киреше табышкандыгын аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы жылдын алдында, өлкөдө негизги керектөөчүлөр балдар болгон кондитердик азыктарга суроо көбөйгөн. Буга байланыштуу кээ бир ишкерлер балдардын ден соолугун коркунучка алып келип, акча табууга аракет кылып жатышат, алар кичинекей таттуу сүйүүчүлөргө мөөнөтү өтүп кеткен жана сапатсыз азыктарды сатып келишкен.
Ошентип, азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну камсыз кылуу программасынын алкагында сапатсыз жана мөөнөтү өтүп кеткен продукцияны сатып алуунун курмандыгы болгон жарандардын кайрылуусу боюнча Финансы полициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте иш-чараларды жүргүзгөн.
"Анын жүрүшүндө Садыгалиев көчөсүндө кампа табылган, ал “ТТТ Компани” ЖЧКсы тарабынан ижарага алынып, анда мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар (конфеттер, печенье жана ар кандай таттуулар) ири көлөмдө сатылган. Ушул эле кампада аталган ЖЧКнын кызматкерлери таттуулардын жарактуулук мөөнөтүн жана чыгарылган күнүн өзгөртүп жазуу, өчүрүү жана башка жолдору менен өзгөртүшкөн.
Мындан тышкары, чыгарылган күнүн жабыштырган, продукциянын курамы кыргыз тилине которулган чаптамаларды басып чыгарган жана таңгактарда чыгарылган күндү үзгүлтүккө учураткан (өзгөрткөн) аппараттар табылып, алынды. Мөөнөтү бүткөн продукциялар менен аныкталган кампага мөөр басылды. Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, анын жүрүшүн ЭККМКнын төрагасы Сыймык Жапыкеев көзөмөлгө алды", - дешти мекемеден.