Бүгүн, 10-январда өлкөбүздө кезексиз президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Бардык шайлоо участоктору саат 8:00дөн баштап шайлоочуларга эшигин ачты.
Президенттикке талапкерлердин бири Равшан Жээнбеков шайлоого катышып, өз тандоосун жасады. Айтымында, бул жолку шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу таза өтүүдө.
"Мен ойлойм, шайлоо 2 турдан болот. Таза шайлоо үчүн, өнүгүү үчүн 2 тур аябай маанилүү жана мен 2 турдун болушун каалайм", - деди ал.
Ошондой эле президенттик башкаруу формасына каршы экенин кошумчалады.