Кыргыз өлкөсүндө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өттү. Шайлоо күнүндөгү кызыктар бир шилтемеде (хронология)

Бүгүн, 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү күнү. Президенттик такты үчүн 17 талапкер ат салышып жатса, референдумга президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо сунушу коюлган.

Өлкө боюнча бардык шайлоо тилкелери 8:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

SUPER.KG порталы шайлоо күнүндө орун алган бардык кызыктуу кабарларды 1 шилтемеге топтойт. Андыктан биз менен бирге болуңуздар!

Президенттикке талапкерлердин тизмеси:

  1. Садыр Жапаров.
  2. Канатбек Исаев.
  3. Мыктыбек Арстанбек.
  4. Клара Сооронкулова.
  5. Имамидин Ташов.
  6. Рашид Тагаев.
  7. Абдил Сегизбаев.
  8. Адахан Мадумаров.
  9. Аймен Касенов.
  10. Улукбек Кочкоров.
  11. Жеңишбек Байгуттиев.
  12. Эльдар Абакиров.
  13. Курсан Асанов.
  14. Арстанбек Абдылдаев.
  15. Равшан Жээнбеков.
  16. Бактыбек Калмаматов.
  17. Бабыржан Төлбаев.
  18. Каныбек Иманалиев.
  19. Баарына каршы

Рашид Тагаев шайлоо бюллетендери даяр болгондон кийин талапкерлигин алып салуу боюнча арызын жазган. Буга байланыштуу анын ысымы бюлеттенден чийилген.

Референдумдун бюллетенинен 3 графа орун алган:

1. Президенттик башкаруу
2. Парламенттик башкаруу
3. Баарына каршы

2021-01-10 19:27:00

БШКнын маалыматына ылайык, 16:00гө карата шайлоочулардын 33.08  пайызы же 1 миллион 178 миң 656 жаран добуш берди. Жалпы 3 миллион 563 миң 574 шайлоочу катталган.

2021-01-10 18:47:00

Ушул тапта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы балатынын жанына музыкалык аппаратуралар орнотулуп, ыр жаңырууда. Мындай шаңды ким уюштуруп жатат жана себеби эмнеде деген суроонун жообу жалпыга кызык. SUPER.KG порталы "Ала-Тоо" аянтына барып жабдыктарды орнотуп жаткандардан кимдер экенин, эмнеге даярданып жатканын сурады. Бирок баары суроого жооп берүүдөн качып, журналисттерди ал жактан кетип калууга чакырышты.

"Эл уюштуруп жатат, эл", - деп жооп беришти айрымдары.

2021-01-10 18:08:00

БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров Сузактагы шайлоо тилкелеринин биринде добуш сатып алуу болуп жаткандыгы тууралуу арыз келип түшкөнүн билдирди. Мындай маалымат "Жалпы иш" коомдук фондунан келген.

2021-01-10 17:45:00

 Орусиянын Владивосток аймагында шайлоонун жыйынтыгы чыгууда

"Президентти шайлоодо №9004 участкалык шайлоо комиссиясында тагыраагы Владивостокто 234 Кыргыз жараны, ал эми референдумга 234 жаран добуш берүүгө катышты. Жалпысынан шайлоо тизмесине – 709 шайлоочу катталган. Жыйынтыктар чыгууда", - деп билдиришти элчиликтен.
2021-01-10 17:10:00

БШКнын маалыматына ылайык, 16:00гө карата шайлоочулардын 26,55 пайызы же 946 миң 104 жаран добуш берди.

2021-01-10 16:44:00
Түштүк Сахалинде кезексиз президентти шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча өтүп жаткан шайлоонун жыйынтыгы чыгууда. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги SUPER.KG порталына билдирди.
"Бул Түштүк Сахалин болгондуктан Кыргыз өлкөсүндө түнкү саат 03:00 болгондо аларда эртең мененки саат 08:00 болгон болот. Ошондо ачылган да андан бери жыйынтыгы чыгып калышы толук мүмкүн. Бул түштүк Сахалиндеги биринчи участка", - деп билдирди элчиликтен.
2021-01-10 16:14:00

Ош шаарынын мэри күн суук болгондугуна байланыштуу шайлоого келген элдин саны аз десе, Москвадагы Кыргыз жарандары суукка карабай узун кезек күтүп добуш берүү менен кыргыз жериндеги шайлоочуларга үлгү көрсөтүшүүдө. Москва шаарында абанын температурасы бүгүнкү күнгө орточо -8 градус суук болсо, Кыргыз өлкөсүндө 2 градус жылуу.

2021-01-10 15:25:00

Интернетте Ош шаарындагы №5276 шайлоо участкасында мыйзам бузуу болуп жаткандыгы боюнча видео тарады.

Тасма Инстаграмдагы  "Каракыз Ош" аттуу баракчада жарыялаган. Видеону ушул шилтеме аркылуу өтүп көрсөңүз болот. 

2021-01-10 15:19:00

БШКнын маалыматына ылайык, 14:00гө карата шайлоочулардын 18,56 пайызы же 661 миң 501 жаран добуш берди.

2021-01-10 15:14:00

Президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаев №28 мектеп-лицейинде жайгашкан №1213 шайлоо участкасында добуш берди.

2021-01-10 15:10:00

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 9-январда №47 колонияда добушун берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ЖАМКтан билдиришти.

"Алмазбек Атамбаев жаткан абакка кечээ көчмө урна алып барышкан. Ошондо мурдагы өлкө башчы башка жазасын өтүп жаткандар менен бирге шайлоого добуш берди" , - дешти мекемеден.

2021-01-10 14:43:00

Президенттикке талапкер Эльдар Абакиров бүгүн №7062 шайлоо участогунда, өзүнүн кичи мекени Кегети айылында добуш берди.

"Мен Кыргыз өлкөсүнүн келечеги үчүн эмес, азыркы абалы үчүн добуш бердим. Анткени биз өткөнкү күндөрдөгү абалды көрдүк, өлкөнү азыр оңдоп кетишибиз керек болуп турат", - деди ал.

2021-01-10 14:15:00

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков  жарандык милдетин аткарып, шайлоого катышты. Анын добуш берүүгө байланыштуу пикирин чагылдырган видеону reporter.kg порталы жарыялады.

Анда маалымат каражат өкүлү мурунку өлкө башчыга шайлоонун кандай өтөрү тууралуу суроо узатып, анын пикирин угууга аракет кылган. Буга Жээнбеков “кийин бул боюнча комментарий берип, сени чакырам” деп сүйлөп, басып кеткенин көрүүгө болот.

 
2021-01-10 14:01:00

Мыктыбек Арстанбек Арча-Бешик конушундагы №1030 шайлоо участкасында добуш берип, өз тандоосун жасады.

2021-01-10 13:21:00

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Бишкектеги №1102 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Ал шайлоо тилкесинде иш алып барып жаткан журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы туруксуздукка алып келбей турганынан үмүт кыларын, учурга карата эреже бузуулар жок экенин айтты. Ошондой эле туруксуздук орун алып кетсе өкмөт даяр экенин кошумчалады.

2021-01-10 13:06:00

Бул күнү коңшулаш Казакстанда да шайлоо болуп жатканын айта кетели. Тактап айтканда, Казак парламентинин төмөнкү палатасына шайлоо болуп, ага төмөнкү 5 партия ат салышууда.

  • "Нур Отан"
  • "Ак жол" демократиялык партиясы
  • "Ауыл" элдик-демократиялык партиясы
  • "Адал" партиясы
  • Казакстан элдик партиясы
2021-01-10 12:50:00

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына ылайык, саат 12:00гө карата президенттик шайлоого 9,23 пайыз же 329 049 жаран катышты

2021-01-10 12:40:00

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров азырынча 11 мыйзам бузуу боюнча кайрылуу келип түшкөнүн билдирди.

"Саат 11:45ке карата 11 кайрылуу түштү. Көпчүлүгү техникалык бузуулар боюнча кайрылуу болду. Бул кемчиликтер жоюлду. Эч кандай басым болбой, жарандардын укугу бузулбаш керек. Одоно мыйзам бузуулар болсо ошол шайлоо тилкесинин жыйынтыгы жокко чыгарылат", - деди Шайназаров.

2021-01-10 12:38:00

Көпчүлүк шайлоо тилкелеринде көз карандысыз байкоочуларга фото, видео тартууга уруксат бербей жатканы айтылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Аталган комиссиянын мүчөсү Алмазбек Асаналиев так кайсы шайлоо тилкелерин айтуу керектигин билдирди. Ошондо гана чаралар көрүлө турганын кошумчалады.

2021-01-10 12:10:00

Президенттикке талапкерлердин бири Равшан Жээнбеков шайлоого катышып, өз тандоосун жасады. Ал Бишкектеги №1343 шайлоо тилкесинде добуш берди.

2021-01-10 12:02:00

Аймен Касенов добуш берүү үчүн Бишкек шаарындагы 6-кичи райондогу №1136 шайлоо тилкесине барды. Талапкер шайлоого жубайы Айжамал Тагаева жана тарапташ жолдоштору менен чогуу келди.

2021-01-10 11:41:00

Президенттике талапкер Каныбек Иманалиев Бишкектеги 1138 шайлоо тилкесине добуш берүүгө жубайы, уул жана кызы менен келди.

Каныбек Иманалиев чыныгы парламенттик өлкөнү орноткондо гана төңкөрүштөр болбой тургандыгын баса белгилеп өттү.

Мен парламенттик башкарууга жана жападан жалгыз аял талапкер Клара Сооронкуловага добуш бердим. Кыргызда жигитчиликке жатпайт, эгер жаныңда кыз киши турса өзүңө өзүң добуш берген", - дейт Иманалиев.


2021-01-10 11:13:00

Талапкерлердин бири Арстан Алай Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №10 орто мектепте жайгашкан №1316 шайлоо участогуна саат 10:30да келип добуш берүүгө катышты. Шайлоого Арстан Алай жубайы жана эки уулу менен келди.

"Мен алдын-ала Садыр Жапаров өтөт деп божомолдоп жатам. Касиетим менен дүйнөнү башкарып жатам, башкара берем. Сооронбай Жээнбековду кетет дедим кетти, Атамбаевди соттолот дедим, соттолду. Мен ушинтип эле иштей берем. Мени коомчулук эмес, дүйнөлүк президенттер дагы президент катары көрбөйт. Мени ааламдан буйрулган адам катары көрүшөт", - деди ал

2021-01-10 10:54:00

Президенттикке талапкерлердин бири Курсан Асанов Бишкек шаарындагы №1332 шайлоо тилкесине жубайы, кызы менен келип добуш берди.

2021-01-10 10:47:00

"Шайлоодо экинчи тур болот деп ойлойм. Шайлоонун таза эмес өтүп жатканын баарыңар көрүп жатасыңар. Мынчалык жапайычылыкты Эгемендүүлүк алгандан бери көрө элек болчумун", - деди Адахан Мадумаров.

2021-01-10 10:46:00

Адахан Мадумаров Бишкектеги №1211 шайлоо тилкесинен добуш берди. Ал шайлоого кичүү уулу менен келди. Талапкер "президенттик шайлоо 1-турда жыйынтыкталбайт. 2-тур да болот" деген пикирин айтты.

2021-01-10 10:39:00

Абдил Сегизбаев жубайы менен Кой-Таш айылындагы 7194 шайлоо тилкесинде добуш берди.

2021-01-10 10:37:00

Президенттикке талапкер Улукбек Кочкоров 1208 шайлоо участогунда добуш берди. Ал шайлоо жакшы өтөрүнө ишенерин билдирип, КТРКнын айткан +10 градусу бүгүн актабай калганын кошумчалап айтып өттү.

2021-01-10 10:29:00

Дал ушул шайлоо тилкесине келген шайлоочулардын бири талапкер Садыр Жапаровдун колун өбөйүң дегенде ал "Колумду өппөңүз Пайгамбардын гана колун өбүшкөн" деген жообун узатты.

2021-01-10 10:08:00

Садыр Жапаров Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал шайлоого жубайы менен келди"Ким жеңерин бир гана Кудай билет. Элибиз кимди тандабасын, биз аны таанышыбыз керек" - деди Жапаров.

2021-01-10 09:53:00

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун келери күтүлүп жаткан шайлоо тилкесиндеги көрүнүш. Ондогон журналисттер Жапаровдун добуш берүүсүн чагылдырууга камынып турган кези.

2021-01-10 09:46:00

Шайлоого экс-президент Сооронбай Жээнбеков да катышып добуш берди. Тагыраагы, Жээнбеков Бишкектеги №1327 шайлоо тилкесинде добуш берди. Анда Сооронбай Шарипович жан сакчылары менен келди.

2021-01-10 09:34:00

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкектеги "Белек" маданий оюн-зоок борборунун имаратындагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

2021-01-10 09:32:00

Бишкектеги №1323 шайлоо участкасында саат 8:00дө жарандардын добуш берүүсү башталды.

Өзүн мектеп директору деп тааныштырган Аскар Турдуниязов мектепте эч кандай шарттын жоктугун айтып буларга токтолду:

"Биздин мектеп көп жылдан бери авариялык абалда, керек болсо жылуулук да берилген эмес. Өзүбүз жылытып алып шайлоону өткөрүп жатабыз" деди мектеп директору. Белгилей кетсек, кесексиз президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышууда.

2021-01-10 08:38:00

№1316 шайлоо участкасынан эң биринчилерден болуп добушун берген Бахтияр аттуу Бишкек шаарынын тургуну: "Буюрса, шайлоого жакшы ниеттер менен өлкөбүзгө татыктуу президентти шайлап алалы деп таң эрте келдик. Татыктуу башчыбыз болсо мамлекетибиз кризистен чыгып, келечегибиз, өлкөбүз өнүгөт деген ишенимим бар".

2021-01-10 08:34:00

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги №1046 шайлоо тилкесинин убагында ачылбаганы боюнча тактала турганын SUPER.KG порталына билдирди.

2021-01-10 08:19:00

Шайлоо тилкелери 08:00дө ачылганына карабастан Бишкек шаарындагы №1046 шайлоо тилкеси убагында ачылган жок. Себеби шайлоо урнасы иштебей калган.

2021-01-10 08:06:00

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо тилкелеринин ачылышы боюнча маалымат жыйын берүүдө. Түз эфирди төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыз.

2021-01-10 08:00:00

Саат 8:00. Демек, өлкөдөгү бардык шайлоо тилкелери ачылууга тийиш. Мамлекеттин кийинки президентин тандап алуу үчүн шайлоочуларда туптуура 12 саат бар.

2021-01-10 07:51:00

Шайлоо тилкелеринин ачылышына даярдыктар кызуу жүрүүдө. Фото Бишкеке шаарындагы Медициналык академиянын имаратында жайгашкан шайлоо тилкесинен алынды.

2021-01-10 07:40:00

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары саат канчада чыга баштары белгилүү болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү отурумдарынын күн тартибинде жазылган маалыматтарга ылайык, төрайым Нуржан Шайлдабекова алдын ала жыйынтыктарды 21:30дан баштап жарыялай баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
salimbek87.kg
2021-01-10 08:02:15
Жана призденттик башкарууну колдойбуз
+9
mirlan2084
2021-01-10 08:18:19
Жапаров.С.Н.колдойбуз президентик башкаруу керек
+8
mirlan2084
2021-01-10 08:18:51
Садыр президент буйруса бүгүн.
+11
boris8907
2021-01-10 08:35:50
Номер 8
-7
Aguwa
2021-01-10 09:04:15
Садыр Жапаров алга!
+8
Nargiza1987k
2021-01-10 09:30:32
Жапаров алга
+5
oopapa
2021-01-10 09:57:35
Адахан Мадумаров Кимсанбаевич президент.
-5
Kuban-1207
2021-01-10 10:07:25
Садыр
+8
Kuban-1207
2021-01-10 10:07:32
Садыр
+7
amin1986
2021-01-10 10:52:40
Садыр Садыр Садыр
+7
Malinashka
2021-01-10 13:19:06
Садыр Жапаров алгаааааааааа
+2
Aibek_eka
2021-01-10 13:25:08
Садыр деп эле Садырдын этегине намаз окуп калыпсынарго
-8
Fedya-1234
2021-01-10 18:10:56
Baribir axirinda Putin menen Mirziyoyev bashkarat Kirgizstandi)))))
-8
nazira...
2021-01-10 19:51:32
Өзү канча адам шайлоого барса өтөт экен, канча % катышса болот дегеним. Жарымы да барбаптыр го
0
nazira...
2021-01-10 19:52:45
Мен мисал үчүн барбадым, учетум айылда болгон үчүн, сууктан чыга албадым.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан