Фотоальбом. Туулган күнүн чет өлкөдөн өткөрүп жаткан режиссёр Бектемир Мамаюсуповдун баёо балалыгынан белгилүү болгонго чейинки кези

"Салам, Нью-Йорк!" тасмасы аркылуу таанылган актёр, режиссёр Бектемир Мамаюсупов бүгүн, 18-январда 35 жашка толду.

Учурда Түркияда жүргөн Бектемир мырза туулган күнүн экинчи ирет чет өлкөдөн өткөрүп жатканын айтат.

"Жумушума байланыштуу туулган күнүмдү экинчи жолу башка мамлекеттен белгилеп жатам. Негизи туулган күндү белгилегендердин катарына кирбейм. Телефон аркылуу куттуктоолор болуп жатат. Агаларым, досторум, жакындарым каалоо-тилектерин айтышып, кубандырып жатышат", - деди ал.

Бектемир Мамаюсупов 1986-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Эмесе, туулган күнүн белгилеп жаткан режиссёрдун кандай өзгөргөнүн сүрөттөр баяндап берсин.

2 жашында актёрду ата-энеси Ошто жашаган чоң ата, чоң энесинин колуна беришет. 7 жашка чейин ошол жакта чоңоюп, кайра Бишкекке ата-энесинин жанына келген.

7 ЖАШТАГЫ БЕКТЕМИР МАМАЮСУПОВ

БОЛОЧОКТОГУ АКТЁР 10 ЖАШЫНДА

БЕКТЕМИР МАМАЮСУПОВ 12 ЖАШЫНДА

Үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү. Алгач, Бишкектеги №66 мектепте 7-класска чейин окуп, андан аркы билимин кыргыз-түрк лицейинен уланткан.

4-КЛАССТЫН ОКУУЧУСУ

БЕКТЕМИР МЫРЗА 10 ЖАШЫНДА

5-КЛАССТЫН ОКУУЧСУ

10-КЛАССТЫН ОКУУЧУСУ

Окууну бүткөндөн кийин Исхак Раззаков атындагы Политехникалык университетте 3-курска чейин окуп, ОшТУга которулат. Ал аралыкта окуудан академиялык тыныгуу алып, бир жылга Кытайга кетет. Дал ушул жерден анын актёрлук шыгы ойгонуп, кызыгуусу арта баштайт.

11-КЛАССТЫН ОКУУЧУСУ

2011-жылы АКШга жол тартып, ал жактан "Салам, Нью-Йорк!" тасмасындагы Баатыр сыяктуу көп кыйынчылыктарга туш болот. Бирок дал ушул өлкө анын багын ачат. Себеби актёр тасмага башкы ролго тандоо жүрүп жатканын угуп, уюлдук телефонуна чакан видеосун тартып жөнөтүп жиберип, видеодобуш аркылуу өтүп кеткен. Мына ошол тасмада ролун ийине жеткире аткаргандыгы үчүн 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" деп табылган. Ошондой эле ал "Супер-Инфонун" версиясы боюнча "2011-жылдын супер тасмасы" сыйлыгынын ээси - "Бишкек, мен сени сүйөм!" фильминде дагы роль жараткан.


Бектемир Мамаюсупов "Дубалдагы издер", "Мекен", "Шайлоо", "Кыргызстанга кош келипсиз" тасмаларына продюсерлик, режиссёрлук кылган.

18-январдын жылнаамасы.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2021-01-18 21:40:25
Туулган кунун менен.Кооп кызыктуу тасмаларды жарата бер.Эмгегиндин озурун кор.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан