Өлкөдө президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөнүнө 3 күн болуп калды. Ал арада Фейсбукта кадр маселеси башталды. Колдонуучулар премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артём Новиковду өкмөт башчылыкта калтыруу боюнча пикирлерин жазышууда.
Социалдык тармактын Орозбек Осмонов аттуу колдонуучусу Новиков боюнча Садыр Жапаровго кайрылган.
"Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз жараны катары премьер-министрликке Артём Новиковдун калышын сизден суранам. Мүмкүнчүлүк бериңиз. Жыйынтык кылат деп ишенем. Достор, келиңиздер биргеликте колдоп жеткирели! Бөлүшүп, комментарий жазып койгулачы".
Дагы бир Мекенчил бол аттуу колдонуучу: "Артём Новиков жакшы иштеп жатат, тууган-туушкан деген жок. Ордунда эле калып иштей бергени оңбу? Силер кандай ойлойсуңар?" - деген билдирүүсүн калтырган.
Алтын Абдалиева аттуу колдонуучу дагы Садыр Жапаровго кайрылган: "Урматтуу Садыр Нургожоевич! Артём Новиков ишинде жакшы жактарын көрсөттү. Анын премьер-министрликте калтырууну суранабыз! Анткени анын тууган-туушкандары жок", - деп жазган.
Билдирүүлөргө карата жазылган пикирлерден:
"Артём Новиков өзү эле ылайык, жакшы иштеп жатат, убакыт берүү керек!"
"Эми Президенттик башкаруу болгондон кийин Түркия, Америка сыяктуу премьер-министр болбошу керек. Президент эмне дейт экенин ким билет. Бийлик анын колунда".
"Артём жакшы иштеди. Кайсы улут болбосун эли үчүн таза иштесе болду. Азаматсың, Артём! 30 жыл элин алдаган кары карышкырларга сабак бердиң".
"Новиков калыш керек, башкалары кереги жок. Келгилери келсе Новиковго орун басар болушсун".
"Абдан туура, колдойм! Азыр "оке" , "кыке" деп ой-кырды сүйлөбөй, А.Э.Новиковго мүмкүнчүлүк бериш керек. Иштесин, бардык параметри туура келет. Анан да мыкты иштеп жатат".
"Артем Новиков калсын, баштаган ишин аягына чыксын, орто жолдо калбасын, көпчүлүк суранат".
"Иштесин, негизгиси Новиков түндүк-түштүккө бөлбөйт".