"Эл ар кандай толкундоолордон тажады жана кыргыз эли өз тандоосун жасады. Андыктан жакынкы арада эч кандай митинг болбошу керек. Анткени азчылык көпчүлүктүн пикирин сыйлоосу кажет. Ал эми көпчүлүк өзүнүн тандоосун жасады", - деди Жапаров.
Мындан сырткары ал президенттик шайлоо жана референдум таза өткөнүн айтты.
"Президенттик шайлоо өтө ачык-айкын жана таза өттү, муну байкасаңыздар керек. Биз парламенттик шайлоого да административдик кысым көрсөтпөстөн, пара талап кылбастан, мыйзам чегинде таза өтүшү үчүн бара жатабыз. Ал эми административдик ресурстарды колдонгондо же паракорчулукту уюштурганда нааразычылык жана элдик толкундоолор башталат. Биз аны үч жолу көрдүк. 30 жылдын ичинде эл үч жолу революция жасады. Келечекте биз буга жол бербешибиз керек. Ошондуктан таза шайлоо өткөрүүгө убада берем", - дейт Жапаров.
Садыр Жапаров өз маегинде элдин, мамлекеттин тагдырын ойлоп түнү менен уктай албай жатканын кошумчалады.
"Шайлоочулардын 84 пайыз добушун алуу - бул өтө чоң жоопкерчилик. Чынын айтсам түнү менен уктай албай чыгып жатам. Уйкум келбей жатат. Кечээ күнү түнү менен уктай албай чыктым. Түнү менен элдин, мамлекеттин тагдырын жана экономика жөнүндө ойлонууга туура келип жатат", - деди ал.

Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай маселелер көтөрүлдү
Депутат Саматбек Ибраев чек арада ызы-чуу чыкканда ишкерлер товарларын өткөрө албай калышарын айтып, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлдөрүнө кайрылды.
"Бардык ызы-чуу чек арадан башталат. Мына жаңы президент келди. Ал кишинин дагы коррупцияны жок кылабыз деген ойлору бар. Коррупциянын баары Бажы кызматынан башталат. Мыйзамдарды шериктеш өлкөлөр менен шайкештикке келтирүү керек . Мыйзамдарды тез аранын ичинде алып келишиңер шарт", - деди Ибраев.
Аалы Карашев Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Архив агенттигинин жетекчиси бюджет тууралуу туура эмес маалымат берип жатканын айтып, аны сындады.
Аталган мекеменин директору Мария Алыбаева аталган тармакта иштегендердин айлык маянасы 7-8 миң сомдун тегерегинде экенин белгилеп, бюджети 24 миллион сом экенин айтты.
Карашев ага "535 кызматкер иштейт дедиңиз. Алар 7-8 миң сомдон айлык аларын да билдирдиңиз. Эсептесек айлык маянага жыл сайын 50 миллион сомдон ашуун каражат кетет экен. Андыктан маалыматты так билбесеңиз, бюджет тууралуу туура эмес жооп бербеңиз", - деп нааразычылыгын билдирди.
Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева архивдик фонддордогу документтерди санариптештирүү маселесин көтөрдү.
“Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Мыйзам долбоору коррупциялык жагдайларга бөгөт коюу максатында редакциялык өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталганы айтылды.
Депутат Аалы Карашев Кыргыз өлкөсүндөгү мамлекеттик архив мекемелеринин канчасы талапка жооп бербей тургандыгын так көрсөтүү керектигин белгиледи. "Көпчүлүгүнүн имараты эски, маалыматтардын сакталышы үчүн кооптуу. Андыктан ачык айтып, аны чечүү жолдору сунушталышы шарт", - деди.

Куттуктоолордун аягы тыйыла элек
Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен бир топ өлкөлөрдүн башчылары куттукташууда. Буга чейин Орусия, Казакстан өңдүү өлкөлөрдүн президенттери куттуктаса, соңкулардан болуп, Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган куттуктады.
Си Цзиньпин "Мен сиздер менен эки өлкөнүн жана элибиздин жыргалчылыгы үчүн биргелешип кызматташтыкты чыңдоого даярмын", - десе, Эрдоган Садыр Жапаровго ийгиликтерди каалап, эки өлкөнүн достук мамилесинин андан ары өнүгүшүнө кызыкдар экенин билдирди.
Ал эми Орусиянын мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин президенттик шайлоонун жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен Талант Мамытовду куттуктады.
"Кыргыз мамлекетинде иш алып барган байкоочулар, анын ичинен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун парламенттик ассамблеясынын миссиясы шайлоо ачык-айкын, атаандаштыкта өткөнүн белгилешти", - деди Вячеслав Володин.
Ошондой эле тараптар Кыргыз мамлекети менен Орусиянын парламенттер аралык байланышын өнүктүрүү маселесин талкуулашты.
