Самара Каримованын арызын канааттандырган соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова өткөн аптада Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалганы кабарланган.

Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи болуп дайындалып, 1 күндөн кийин кызматтан алынган. Аны кызматка дайындоо боюнча буйрук жокко чыгарылганын ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айткан. Мындан улам ырчы аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп, Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, утуп алганы маалым болгон.

Кийинчерээк, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Апелляциялык даттануу түшкөндүгүнө байланыштуу, Биринчи Май райондук сотунун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, райондук соттун чечими чыккан күндөн тартып 30 күндүн ичинде даттанууга тараптардын укугу бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Dolbooruwka
2021-01-20 09:45:26
Эшикти мыйзамсыз бузуп киргендиги учун жооп берсин анда, жапайы! Уят эле дейин десем, уятты да билбейт экен бул!!!
+25
asan92
2021-01-20 10:54:05
Келбетиң келишимдүү болсо, аны жашырбагыла кыздар. Самара негизи сулуу экен. Азыр адамдар баардык тармака кийлигишип калыптыр. Тушунсо-тушунбосо деле жаса беришет, дурбой беришет. Эл айтты деп эле кысым басым кыла бербеш керек. Биздин элдин менталитети тетири карап калган.
-16
nazira...
2021-01-20 11:15:31
asan92,эшектин как тезегин жепсин. Жакпаса ошо тетири карап калгвн элден бөлүнүп чыгып кет, барып кайсы эл жакса ошолор менен жаша. Кыргызстанда сендейлерден бирөө болсо да азайат.
+17
asan92
2021-01-20 11:29:04
nazira...,
Самаранын ишине ийгилик каалайм, бирок сага эмес. Коментарий жазгандар булар Самаранын билими менен иши деле жок, болгону кыргыздын коро албастык менталитети иштеп жатат. Болбосо депутаттар деле олтурушпайбы, креслодо пустой мээси менен. Ага эч ким суйлой алышпайт. Мумкун Самара кыз болгон учун басынтып жатышабы, исламчыл-молдолордун менталитетине салып..
-12
Baku88
2021-01-20 11:35:47
asan92,Сен Самаранын Аскеси окшойсун аябай куйуп бышканына караганда.
+17
ika8086
2021-01-21 02:11:56
asan92,Самара лохтугунан,жугурук болгон учун отко айдаса отко,бокко айдаса бокко жургон озунун башы менен иштебеген учун журотта Асаны менен.Улуу-муундагы маданияттуу суйлогон мугалимдер ырас кылыптыр кууп чыгып,качан корбо куугунтук жеп журот.Дагы кууш кк керек болсо куушабыз
+1
Gulina90
2021-01-20 11:17:28
Ошондо жетекчи Боло береби,эшикти бузуп кирдиго ошого жооп берсин.Асанды текшеришсе экен.Драмды башка адам иштетиш керек.
+10
Aiymkunumjyldyzym
2021-01-20 11:24:03
Бул эмне бироо менен мелдеше кеткенби.Эгер директор болуп кабинетке отурбасам депчи.
+11
bekbol2006
2021-01-20 11:55:24
Эми кичине ар ким оз денгээлин билищ керекда.. Самара татыксыз
+10
Nina.alex
2021-01-20 11:58:48
Значит эшикти бузуп киргени мыйзамсыз эуен да.
+8
Raihan0602
2021-01-20 12:39:08
Ой ой Самара сиңдим эмне болду сага авторитетиңди нөлгө түшүрүп алдың го уят өлүмдөн катуу дейт ушу чырдын сага кереги бар беле күнөөнү мен Асанга коёт элем тыя албады же өзү мажбур кылып жатат.
+10
nazira...
2021-01-20 12:59:43
Raihan0602,облом болду да, тооба.
+9
portugalia
2021-01-20 15:16:25
Чу дегенде эле директорлукка отурам деп негизи бул аялда уят жок экен.Картан чалга тийип бети калындап кеткенго
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан