Биз социалдык тармакта

Депутат: "Өзүн кудаймын деп атаган жаранды оорулуу болсо дарылаш керек, болбосо жоопкерчиликке тартыш керек"

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Самат Исманов президенттикке талапкерлигин койгон Арстан Алай тууралуу пикирин айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, Арстан Алай өзүн кудаймын деп атап, коомчулуктун башын айландырып жатат.

"Президенттик шайлоо өттү. 17 талапкерди көрдүк, алардын арасындагы фаворит делген Садыр Жапаров жеңишке жетти. Ислам диниби, христиан диниби же башка дин болобу баарында 1 эле Кудай бар деп айтылган. Эч бир динде башка кудайлар жөнүндө айтылган эмес. Бирок, талапкерлердин бири элдин баарына "мен кудаймын" деп жарыялап, миңдеген карапайым элдин башын айландырып жатат. Эгерде ал жарандын оорулуу экени аныкталса, дарыланышы керек. Оорулуу эмес болсо анын айткандары экстремизм катары бааланып, жоопкерчиликке тартылышы керек", - деди Исманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Nargiza1987k
2021-01-21 13:51:55
Оа эн туура айтыпсыз не ужели айтылды .
+21
NURSAPAR
2021-01-21 14:04:23
Зордоп эле жаткырып салгылачы эч ким капа болбойт.
+18
sultan_bek
2021-01-21 14:06:20
Эми мындай да эртен Арстан Алай озунун атын паспортко Кудай деп озгортуп алууга толук укугу бар. Анан албетте атын ким деп сурасан"Кудай" деп жооп берет. Кыргызда Кудайбек, Кудайкул деген аттар толтура. Алардын атын сурансан Кудай деп кыскача айтып коет. Негизи кыргызча Кудай, Тенир деп айтып журолук. Тилеке каршы диний фанатизм жайылып баратат. Мунун аягы жаман болот.
-21
batleybesh
2021-01-21 16:20:39
sultan_bek,Сен ушунча акылдуу болсон ошол Арстан алайды создорун укчу! соо адам негизи андай суйлобойтта! Эгер сен аны колдоп ага ишенип жатсан сенде да проблема бар болот!
+8
Diyana
2021-01-21 16:46:22
sultan_bek,арабызда сендей тушунугу томон, чыныгы Аллахты тааныбагандардын бар экендиги окундурот
+5
EddieNigma
2021-01-21 20:07:09
sultan_bek,макул Аллах арабча, но Кудай деген сөз перс тилинен алынган "Ходай" (зороастризмге тиешеси барбы же жокпу билбейт экем). А теңир деген сөз монголдордун сөзү, тангара (заря, кыргызча аталышын билбейм)
+1
sultan_bek
2021-01-21 14:15:42
Негизи адам эч бир диндин ээси болуп торолбойт. Ага дин танууланат. Тилде соок жок. Мен Кудаймын деп айткан создо эч бир кылмыш жок. Азыр соцтармакта бироону мазактап, басмырлаган согунуп сагынган адамдар толуп жатпайбы. Мына ошолор жаман. Ар бир адам ишенеби же ишенбейби оз укугу. Ишеним журокто гана болуш керек. Бизде кобунчо ишеним тилинин учунда калган жана сырткы келбетине кеткен, ички дуйносундо сабырдуулук жок. Сайраганды эле билишет.
-14
Jibakana
2021-01-21 14:32:31
Муну вообще саясатка аралаштырып журналисттер интервью албашы керек
+17
bond02
2021-01-21 14:48:18
Мен Арстан Алайды колдобойм, бирок акыл эси жайында адамдын башы айланбайт го. Ушул депутаттар ишенип алып жатышабы дейм да.
+5
Diyana
2021-01-21 16:44:08
Наконец то ушул мээси айныган тууралуу туура пикир айтылыптыр. Псих больницага жаткырыш керек же кучтуу молдого окутуш керек кайра-кайра. Анан дагы супердин журналисттери да ага окшоп айный элегинде ал кишиден интервью алганды токтотуш керек
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан