Коронавирус инфекциясы дүйнөнү каптаганына бир жылдан ашты. Андан бери дабасы табылбаган бул оорудан дүйнө жүзү боюнча 2 миллиондон ашык адам каза тапты. Оору дагы да болсо кулач жайып, атүгүл анын мутацияланган жаңы түрлөрү экинчи толкун менен бирге жайыла баштады.
Алгач коронавирустун мутацияланган түрү Улуу Британиядан чыгып, андан ары Франция, Япония, Австралия, Түштүк Африка, Нидерланды жана дагы бир катар мамлекеттерде катталды. Кээ бир окумуштуулар коронавирустун бул түрүн "британиялык штамм" деп атап келишет. Коронавирустун жаңы түрү Италияга дагы жеткенин Фабриано шаарындагы "Azienda di Servizi alla Persona Vittorio Emanuele II" (Кары адамдар үчүн реабилитациялык борбору) ооруканасында бөлүм башчы болуп иштеген Кыргыз жараны Канат Кубанычбек уулу SUPER.KG порталына айтып берди.
- Саламатсызбы, Канат? Силер иштеп жаткан шаарда абал кандай? Коронавирустун жаңы түрү менен күрөшүү үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат?
- Жаңы коронавирус Италиядагы чоң шаарларга келди. Биздин шаарга келе элек. Бирок ага туруштук берүү үчүн абдан даярданып жатабыз. Шаардын ичинде абал салыштырмалуу туруктуу болгону менен, биз иштеп жаткан ооруканада абал өтө начар. Биздин ооруканага келген коронавирус аябай көп адамдардын өмүрлөрүн алып кетти. 80 бейтаптын ичинен 35 адам гана тирүү калды. Мындай абал коронавирустун биринчи толкунунда да болгон эмес эле. Ошондуктан азыркы тапта биздин оорукана тууралуу маалыматтар жергиликтүү гезит-журналдарга жума сайын чыга турган болду. Жогоруда белгиленгендей биздики кары-картаңдар үчүн реабилитациялык борбор болуп саналат. Бейтаптардын көп каза таап жатканын ал гезиттер вирустан сактануу эрежелерин жакшы кармабагандыктан болгонун жазышты. Бирок биздин жамаат күнү-түнү иштеп, болгон күч-аракетибизди жумшап жаттык. Персоналдардын арасынан дагы ооругандар чыгып, кызматкерлер жетишпей жатты. Айтайын дегеним коронавирустун биринчи толкуну өттү, болду келбейт деп ойлобош керек. Экинчи жолкусу биринчисинен дагы катуу болушу мүмкүн.
Азыркы тапта биздин борбордо коронавирус менен ооругандар жок. Бирок ооруп кайра айыккандардын көбү бир аз убакыттан кийин баары бир каза табышты. Бул оорудан арылган күнү деле ден соолукка изин калтырып кетет экен.
- Биринчи толкундагыдай карантиндик чаралар киргизилгенби?
- Биздин шаар коронавирус боюнча кызыл зонага кирет. Бирок шаардын ичиндеги абал аябай оор деп айтпайм. Жарандарга карата карантик чектөөлөр коюлган. Мисалы, иш күндөрү коомдук жайлар ачык болгону менен, кафе, ресторандардын ичине отуруп тамак жемей жок. Тапшырык берген тамагыңды үйүңө алып кетишиң керек. Көчөдө 4 кишиден артык чогуу басууга болбойт. Ошондо да 4 киши бир бүлөдөн гана болушу шарт. Эгер ал эрежени бузсаң дароо айыпка жыгыласың. Азыр Бишкекти карасам адамдардын көбү бет кап жок эле жайбаракат жүрүшөт. Бул жакта полиция кызматкерлери күнү-түнү шаарды кайтарып, айланып жүрүшөт. Көчөдө милдеттүү түрдө бет кап тагынып жүрүү керек.
- Эреже бузгандар болуп жатабы? Себеби өткөн маектерде Италия эли дагы кыргыздар сыңары эркиндикти жактырат деп айттыңыз эле?
- Ооба, туура айтасыз. Андайлар бар. Өзгөчө жаштар арасында кызыл зонада экенибизге карабай эрежелерге баш ийбегендер кездешет. 10-15 адам болуп чогуу жүрүшөт полиция кызматкерлерин көрүп калышса чачырап качышат.
- Кыргыз өлкөсүндөгү мекендештерге эмне деп кайрылат элеңиз.
- Мекендештерге айта турган сөзүм, абайлагыла! Өзгөчө ооруканада эмгектенип жаткан медицина кызматкерлери бардык нормаларды жана эрежелерди сактагыла. Белгилүү болгондой жашы өйдөлөп калгандар тобокел тобуна кирет. Андыктан ата-энелерибиздин өмүрүн ойлоп санитардык талаптарды сактап жүрөлү. Вируска көңүл кош мамиле жасабаш керек. Бул абдан көп адамдардын өмүрүн алып кетти. Дүйнө жүзүндөгү бардык өзгөрүүлөр, эпидемиологиялык абал сөзсүз түрдө Кыргыз өлкөсүнө таасирин бербей койбойт.
- Маегиңиз үчүн рахмат. Саламатта болуңуз!