Орусияда коронавирус аныкталган адамдардын саны 850 миңден ашты

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 427 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 70 адам каза болсо, 3 миң 649 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 664 (айыккандар 761);

Свердлов облусунда - 199 (айыккандар 156);

Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 168 (айыккандар212);

Санкт-Петербург шаарында - 163 (айыккандар 86) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 850 миң 870 адамдан коронавирус аныкталды. 14 миң 128 адам каза болсо, 650 миң 173 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан