"Граф" каймана аты менен таанымал болгон ишкер Алиджан Ибрагимов коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, Бельгияда каза болду. Мындай маалыматты жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Алиджан Ибрагимов коронавирус инфекциясын Казакстанда жүргөндө жуктуруп алып, Бельгияга дарыланууга кеткен.
Белгилүү ишкер Өзбекстанда төрөлүп, Токмок шаарында жашачу. Анын сөөгү Токмок шаарына коюлары күтүлүүдө.